www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Атамбаевдин бир иши кайра каралууга жөнөтүлдү

Алмазбек Атамбаевге карата райондук сот чыгарган жана шаардык сот бекиткен өкүмдү кечээ күнү Жогорку сот жокко чыгарып, ишти кайра карап чыгуу тапшырмасы менен кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу белгилүү журналист Нарын Айып өзүнүн YouTube каналына жарыялады.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча райондук сот Атамбаевди 23-июнда 11 жыл 2 айга кескен, шаардык сот аны 14-августта бекиткен. Бир апта мурда, 25-ноябрда, ошол эле Биринчи май соту Атамбаевге карата 3 кылмыш ишин бир ишке бириктирген.

Алар – Кой-Таштагы башаламандык, ошол эле Кой-Таш айылында Атамбаевдин жер тилке алганы жана кылмыштуу жол менен тапкан кирешени мыйзамдаштыруу иштери. Акыркы ишке – Бишкек ТЭЦин модернизациялоо учурундагы коррупция менен Терек-Сай кенине лицензия берүү эпизоддору кирет. Атамбаевге карата иштер 2 жылдан бери каралып, бүтпөй келет. Иштер өздөрү да көп жакшы тандалган эмес, тергөөчүлөр да аларды шалаакылык менен жүргүзгөндөй.

Президент кезинде Атамбаев жолго коюп алган пропаганда болсо эмгиче күчтүү уланып жаткандыктан, калктын айрым катмарлары аны ак жеринен күнөөлөнгөн деп эсептейт жана ал өзү дагы 18-ноябрда өткөн сот учурунда сүттөн акмын деп билдирди. «Менин үмүтүм – Батукаевдин иши боюнча дагы Жогорку сот уялып, ишти кайра тергөөгө жиберет. Соттор ачык болуш керек эле, анткени күнөөнүн баары асмандан алынган», – деди Атамбаев Биринчи мапй райондук сотунда 18-ноябрда өткөн жыйында.

«Асмандан алынган» күнөөлөрдүн бири – Бишкек жылуулук борборун оңдоо иштерин Атамбаев өзү көзөмөлдөгөнү менен байланышкан. Ал иштерге жумшалды деп 100 млн доллардан ашык каражат кошумча жазылып кеткен, президент башы менен Атамбаев андайга катышпаш керек эле, бирок ага да, башка иштерге да катышкан жана ал тууралуу 2019-жылдын июнунда атайын түзүлгөн парламенттик комиссия да айткан.

«Кыргыз Республикасынын президенти болуп турганда, Алмаз Шаршенович Атамбаев мамлекеттеги бардык бийликти колуна топтоп, аны узурпациялап алган. Ал бийликтин ичинде уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзүнө каршы чыккандарды куугунтуктап, репрессиялаган – Жогорку кеңештин депутаттарын, сотторду, коомдук ишмерлерди, журналисттер менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн», – деп айткан депутат Талант Мамытов 2019-жылдын 17 июнунда.

Президент кезинде Атамбаев Конституцияны да, башка мыйзамдарды дагы ачыктан-ачык бузуп келген, ал тууралуу ачык айткан саясатчылар соттолуп кетчү жана аны көргөн башкалар унчукпай отурууга аргасыз болгон. Айланасына да Атамбаев өзүнө окшогондорду чогултуп алгандыктан, алар мамлекеттик иштерде чалмакей чалган, алардын бири тууралуу 2016-жылы Өмүрбек Текебаев журналисттерге айтып берген.

«Кырсык болгондо, Кадамжайга президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов барып, президенттин атынан жардам көрсөткөн. Андан соң кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөт аракеттерин Илмиянов координациялайт деп айтылган. А бизде премьер каякта? Министр МЧС каякта? А Икрамдын полномочиесинде координирование барбы? Жок. Конституцияда Икрам жок», – деп билдирген Текебаев 2016-жылдын 12-августунда.

Кой-Таш окуясы боюнча тергөө начар жүргүзүлгөнү тууралуу көп айтылууда, сот болсо жабык өткөн, анын үстүнө Атамбаевди кармоо операциясы да сабатсыз жүргүзүлгөн. Бул иштер да өз алдынча иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланыш керек, бирок сот ишиндеги акыркы өзгөрүүлөр – жаңы бийликтин тактикасы менен байланышкан болушу да мүмкүн. Күнөөлүүлөрдү жөн гана соттоп салбай, уурдалган каражаттын ордун толтуруу керектей.

«Буга чейин, 2 жыл мурда Атамбаевди камадыңар, ээ? Ал Райымдан 3 эсе бай, миллиарддары бар анын дагы. Бир тыйын төктүрдүңөрбү? Мына, 2-3 жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Туурабы же туура эмеспи? Кулматовду камадыңар, Кулматов Райымдан 2 эсе бай. Эки тыйын төктүрдүңөрбү?

Төккөн жок. Аны 2 жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол эле сыяктуу Албек Ибраимов, Сапар Исаков ТЭЦ боюнча деп жатат, Эшматов-Ташматов...» – деди Садыр Жапаров 21-октябрда Би-би-сиге берген интервьюсунда.

Ошондуктан, акыркы чекит дагы коюла элек десе болот. Кеп ошондо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости