www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык штабдын чечими менен Бишкекте дем алыш күндөрү коомдук транспорттун (автобустар, троллейбустар, микроавтобустар жана такси кызматтары) кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коомдук транспорт бүгүн, жума (26-июнь) күнү саат 22:30да токтотулат. Андыктан айтылган убакка чейин тургундар үйлөрүнө жетип баруусу кажет.

Коомдук унаа кайрадан дүйшөмбү (29-июнь) күнү саат 6.00дө өз ишин улантат.

“Урматтуу уюмдун жетекчилери! Сиздерден дем алыш күндөрү кызматкерлериңиздерге жана кардарларыңыздарга коопсуз шарттарды түзүп берүүңүздөрдү суранабыз. Эгер мүмкүн болсо, кызматкерлерге үйдөн, аралыктан иштөөгө шарт түзүүнү же коопсуз транспорт менен камсыздоону суранабыз.

Ошондой эле шаар тургундарын зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай отурууга чакырабыз, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости