www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Шамурза Бөрүкулов өзүнүн баракчасына Акаев, Бакиев жана Атамбаев тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Жугундукорлордун ар дайым: "Бакиев светти өчүргөн" "тезек тер деген" "күнөөсү болсо качпайт эле"деген сыяктуу сандырактаган дежурный пикирлерин окуп итиркейим келет. Ушундай сөздөрдү билип туруп атайын жазышабы, же чын эле эмне деп жазып жаткандарын өздөрү түшүнбөгөн денгээлде байкуш болуп калышканбы деп ойлоп коем. Алардын ою боюнча Атамбаев аппак экен, ошон үчүн сыртка чыгып кетпептир. Ачык эле дал ушинтип тантырашат.
Жугундукорлор, раз навсегда мээңерге куюп алгыла, үч президенттин бири бирине таптакыр окшобогон үч түрдүү жагдайы бар.

Акаев революциядан кийин өлкөнү таштап чыгып кетпесе деле болот эле. Өзүнүн көлөкөсүнөн өзү коркуп эле качып кетти. Себеби Акаевди кетиргенде чыныгы элдик революция болгон. Көчөгө кары-жашы, эркек-аялы дебей тегиз чыгышкан. Эгер ошондогу видеону таап көрсөңөр, элдин арасында мектеп окуучулары да жүрүшөт. Адамдардын колунда куралды айтпа, жөнөкөй таяк деле жок эле. Митинг бүткөндөн кийин эч ким эч жерди талкалабай, тонобой, өрттөбөй, ошол эле маалда милицияны, жоокерлерди токмоктобой маданияттуу түрдө үйлөрүнө таркашкан. Акаев качпаса деле аны бир адам чекесине чертпейт эле.

А Бакиевде таптакыр башкача жагдай болуп жатпайбы. Бакиевге калың кыргыз элдин эч бир нараазычылыгы болгон эмес. Өзүн оппозиционер деп эсептешкен убактылуу өкмөттүн шакалдары менен бир ууч трабалистердин тобу куралданышып, алдынан чыкканды талкалап, өрттөп, солдаттары токмоктошуп, куралдарын тартып алып ак үйгө барышып жатпайбы. Эгер Бакиев чыгып кетпесе, анда анын акыбалы эмне болушун мен жазбасам деле ар бир акылы ордунда адам элестетип алат. Эч бир күнөөсү жок, милдетин аткарып жаткан жоокерлерди сабаган акмактар, Бакиевди аяп коюшат беле? Конгантиевдин да акыбалын көргөнбүз кандай болгонун. Мына ошол көчөдөгү сандалган жапайы дармоеддерди бүгүн "баатыр" дешип жүрүшөт.
Бир айтып кое турган нерсе (Бакиевди качты деген жугундукорлордун кулагына), Бакиев качып кеткен эмес. Путин Назарбаев экөө Бакиевге телефон чалышып: "Курманбек Салиевич, эгер чыгып кетпесеңиз, региондор аралык согуш чыгып кетет" дешкени үчүн, элди ойлоп чыгып кеткен.

Антпегенде түштүк эли Бакиевди коргоп алганга күчү, духу жетет эле. Ансыз деле Бакиев кеткенден кийин УӨтүн “шакалдары” согуш чыгарышты. Мен кээде: Биз түштүк кыргыздар Бакиевди колдогонубуз үчүн, УӨ бизден өч алуу максатында улуттар аралык согушту атайын баштаганбы деп да ойлоп коем. Бакиевди Назарбаев менен Лукашенко "менин өлкөмө кел" дешип адамгерчилик, урмат менен чакырышкан. Бакиев мен жугундукорлордон алыс болоюн деп Белорусияны тандаса керек.

Ал эми Атамбаевге келсек, Атамбаев аппак үчүн эмес, аны бир да мамлекет кабыл албай койду. Эч ким чакырбаса, каякка барат? Ата тегин издеп Коконго барабы? "Журт атабыз" деп сыйлашкан, өлгөндө жер жаңыртып өңгүрөп ыйлашкан өзбек туугандар Каримовду Атамбаев эмне дегенин алигиче айтып жүрүшөт, ошондуктан Өзбекстанга өлсө да бара албайт эле.

Назарбаевге келсек, аны аксакал деп сыйлап койбой, казактарды 30 жыл башкарган президент экенине карабай дүйнө жүзүнө угузуп, Назарбаевдин жүргүзгөн саясатын сындап эмнелерди айтпады? Ошондон кийин казактарга басып барсынчы, шешесин Чым Коргондон көрсөтүп коюшат болчу. Эрдоган болсо, Атамбаевди көргөндө кускусу келип, денесин аллергия басып кетчү экен. Ал эми Орусияга болсо: эч нерсеге жараксыз, эч кимге пайдасы тийбеген адамдын кереги эмне. Акаев окумуштуу үчүн орусияга батты. Атамбаевден эмне толк? Ушагын, жалгандарын угуп, подлый мамилесин көрүш үчүн чакырсынбы? Ансыз деле артынан беш алты куйругун ээрчитип, Канттагы базадан учуп Орусияга барды эле, кайра эле шымына чычып коюп, апасынан келтек жеген баладай шөлбүрөп кайра келишти. Силер айткандай зор адам болсо Путин алып калат эле го. Атамбаевиңер башынан аягына чейин, а түгүл тырмактарынын учуна чейин кылмышка батып олтурса: "Атамбаев жакшы иштеген, күнөөсү жок үчүн өлкөдөн чыгып кетпеди" деп башын жоготуп койгон манкурт адамдын сөзүн сүйлөйсүңөр, как будто биз билбей, көрбөй калгансып. Жугундукорлор, силердин ички дүйнөңөрдү, мээңерди коронавирустан да жүз эсе коркунучтуу болгон "трайбалист" деген айыкпас кесел каптап калган. Айыгып кетишиңерге көзүм жетпейт, себеби бул кеселдин дабасы жок”,-деп Шамурза Бөрүкулов жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости