www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлердин күнү-түнү шайы кеткиче иштеп, ооруга өзүлөрү да көп чалдыга баштаганы жалпы саламаттык сактоо системасынын ишине залакасын тийгизүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүп, аларды окутуу эң башкы маселелердин бири болуп жатканын айтты. Тез арада медициналык окуу жайында иштегендерден, ординатурада, интернатурада окуп жаткандардан медицина адистерин даярдоо милдети коюлду. Мындай иш Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Кубатбек Боронов «Саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилинде оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү» деди.

Жалпысынан 26-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 669 медицина кызматкерине жукту. Алардын 403ү айыгып, ооруканадан чыккан, экөө кайтыш болгон.

Өкмөт вирус жуккандар менен иштөөгө мажбур болгон медицина кызматкерлерине айлыгына кошумча акы төлөп берүүнү убада кылган. Март, апрель жана май айлары үчүн кошумча маяна элден чогулган акчанын эсебинен төлөндү. Акчаны бөлүштүрүү комиссиясы соңку жыйынында эсепте калган 4,5 миллион сомдун баарын ооруканаларга медициналык жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшоо тууралуу чечим кабыл алган.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости