www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19ду 25 секундда жок кылуунун жолу табылды

Атайын лампалардын ультрафиолет нурлары SARS-CoV-2 вирусун натыйжалуу жок кылат. Тажрыйба Бостон университетинин жугуштуу оорулар улуттук лабораториясында изилденгенин Biospace порталы жазды.

Микробиолог Энтони Гриффитс башында турган топ бетине COVID-19 жабышкан буюм-тайымдарды ар кандай ультра сыя көк менен нурлантып көрүшкөн.

Жыйынтыгында бир чарчы сантиметр жердеги вирусту 22 мДж кубаттуулугундагы ультра сыя көк нурлары 25 секунд ичинде жок кылары аныкталды.

Адистер ар кайсы вирустарды өлтүрүү үчүн ультра сыя көк нурун 40 жылдан бери колдонуп келе жатышат. Бирок ал адам баласы үчүн дагы кооптуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости