www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“АЗИЯ news” гезитинин 25-июнда жарык көргөн санында ИИМде  2019-2020-жылдары резонанс жараткан каракчылык оор кылмыштары али күнгө чейин ачылбастан турат деп айтылган. Андан сырткары дагы бир катар жагдайлар айтылган. Ошол себептүү макалада көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча түшүндүрмө бере кетүүнү туура көрдүк. Айрым бир суроолорго мурда жооп берилгендигин белгилөө менен анын да шилтемесин (https://mvd.gov.kg/index.php/kg/component/k2/item/10834-iim-ichki-ilikt-kyzmaty-aziya-nyus-gezitine-chykkan-maalymattardy-taktajt-zhana-t-g-nd-jt) белгилейбиз. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“АЗИЯnews” гезитинин 25 июнда жарык көргөн санында айтылган маалыматтарга чекесинен токтоло кетели. Ачылбай калган кылмыштар дегендердин  ачылгандыктары тууралуу:

1.2019-жылдын 6-мартында саат болжолу менен 02:30 чамасында белгисиз адамдар, баштарына бет кап кийишип, тергөөдө аныкталбаган ок атуучу курал менен куралданышып, мамлекеттик белгиси В 9130 АG болгон «Субару-Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа менен Аламүдүн районунун, Беш-Кунгей айылынын тургуну Б.Сдин башкаруусундагы мамлекеттик белгиси В 3264 АР болгон «Тойота-Хариер» үлгүсүндөгү автоунаасынын жолун тороп мажбурлап токтотушуп,  тергөөдө аныкталбаган ок-атуучу курал менен автоунаанын ичиндеги айдоочусуна жана анын жубайына карата зомбулук көрсөтүп,  ок-атуучу курал менен атып коркутуп, аларга таандык жалпы 312 000 АКШ долларын каракчылык жол менен ээлеп окуя болгон жерден качып кетишкен. 2019-жылдын 6-мартында аталган окуя боюнча чогултулган материал Аламүдүн РИИБнүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ИИМинин Тергөө кызматына тергөө амалдарын уюштуруу үчүн тапшырылган. 2019-жылдын 5-апрелинде аталган кылмышка шектүү адам катарында Чүй облусунун Москва районунун тургуну, 1974-жылы туулган С. Муктарбек кармалып, камакка алынган. 2019-жылдын 25-ноябрында кылмыш иши боюнча тергөө аяктап Аламүдүн райондук сотунун кароосуна жиберилген. Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча кылмышка тиешелүү адамдарды аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

2.2019-жылдын 19-августунда, саат 14.40 чамасында Бишкек шаарынын Кожевенной көчөсүндө жайгашкан «Дордой» базаранын кампаларынын тушунан, белгисиз 4 адам, тергөөдө аныкталбаган ок-атуучу курал менен куралданышып, беттерин медициналык бет кап менен жаап, мамлекеттик белгиси В 8191 V болгон, кара түстөгү «BMW» автоунаасы менен бет маңдай келе жаткан КНР мамлекетинин жараны, 1995-жылдын 28-ноябрында туулган С.Стин башкаруусундагы «LEXUS RX-300» автоунааны сүзүп токтошуп, аталган автоунаанын ичиндеги КНР мамлекетинин жараны, 1973-жылдын 6-ноябрында туулган Г.Ж.Ю. жана Кыргыз Республикасынын жараны 1988-жылдын 21-декабрында туулган Ш.Сти кол салышып, ок-атуучу курал менен коркутуп, 280 000 АКШ долларын жана 2 800 000 сом акча каражатын тартып алышып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Аталган факты боюнча чогулган материал 2019-жылдын 19-августунда Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аталган факт 2019-жылдын 11-октябрында кылмышка шектүү катарында 1992-жылдын 28-декабрында туулган Ж. Нуржигит кармалган. 2019-жылдын 20-декабрда кылмыш иши боюнча тергөө аяктап Свердлов райондук сотунун кароосуна жиберилген. Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча кылмышка тиешелүү адамдарды аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

3.Азыр белгилене турган үч каракчылык оор кылмышы бардыгы тең ачылган. Толугураак төмөндө белгиленди. 2020-жылдын 19-январь күнү Бишкек шаарынын, Москва көчөсүндө жайгашкан, “Сенсон Гранд” ЖЧКсына таандык “Орион” акча алмаштыруу пунктуна, эки азиат улутундагы, белгисиз адамдар кирип келип, тапанча колдонуу менен кассирге карата күч колдонуп, 3 784 546 сом акчасын карактап алып чыгып кетишкен. Ошол эле күнү бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

4.2019-жылдын 26-ноябрь күнү саат 08:50 чамасында Бишкек шаарынын,6-кичирайонунда жайгашкан, “Эко Исламик Банк” ЖАКнын филиалынын имаратына, эки белгисиз адамдар, беттерине бет кап кийип, тапанча менен кирип келип, күзөтчүсүнүн колу бутун байлап, травматикалык тапанчасын алып, андан кийин касса бөлмөсүнөн 1 536 365.50 сом акчаларын карактап алып чыгып кетишкен. Ошол эле күнү бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

5.2020-жылдын 12-июнь күнү саат 13:00 чамасында Бишкек шаарынын, Манас проспектисинде жайгашкан, ААК “Керемет Банк-Бишкек” имаратына, эки азиат улутундагы, 35-40 курактагы, белгисиз адамдар, беттерине ак медициналык бет кап кийип, тапанча менен кирип келип, кассирге күч колдонуп, касса бөлмөсүндөгү сейфтен 728 990 сом, 6 956 АКШ доллар, 1 485 Евро, 442670 рубль, 24500 теңге акчаларын карактап алып чыгып кетишкен. Ошол эле күнү бул факт Бишкек шаарынын ИИББнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2020-жылдын 23-июнь күнү “Сенсон Гранд” ЖЧКсына таандык “Орион” акча алмаштыруу пунктуна, 6-кичирайонунда жайгашкан, “Эко Исламик Банк” ЖАКнын филиалынын имаратына жана Манас проспектисинде жайгашкан, ААК “Керемет Банк-Бишкек” имаратына карата жасалган үч каракчылыктардын бети ачылып, бул кылмышты жасаган 1975-жылы туулган А.С. жана 1983-жылы туулган А.Н.кармалды. Тергөөнүн андан аркы жүрүшүндө кармалган жарандардын жашаган даректерине кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, жалпы 284 500 сом жана 100 АКШ доллар акча каражаты, “Макарова” үлгүсүндөгү 8 даана огу менен тапанча, “Макарова” үлгүсүндөгү 7 даана резина огу менен травматикалык тапанча, өзүнчө сакталган 14 даана ок жана башка ишке тиешелүү буюм далилдер табылып алынган. 2020-жылдын 25-июнунда Свердлов райондук соту тарабынан шектүүлөр А.С. жана А.Н.  эки айлык мөөнөткө  камакка алуу түрү тандалган. Ошентип бүгүнкү күндө кармалган адамдардын акыркы убакта коомчулукта резонанс жараткан төмөндөгү өзгөчө оор кылмыштарга катыштыгы бар экендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды. 

1.2019-жылдын 11-сентябрь күнү “Престиж” акча алмашыруу пунктунда 70 000 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча; 

2.2019-жылдын 7-ноябрь күнү “Мебель Малайзии” эмерек дүкөнүндө 60 000 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча;

3.2019-жылдын 26-ноябрь күнү “Эко Исламик Банк” филиалынан 1 536 365, 50 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча;  

4.2020-жылдын 19-январь күнү “Сенсон Гранд” акча алмашыруу пунктунда 3 784 546 сом акча каражаты каракталган фактысы боюнча.

Азыркы учурда аталган фактылар боюнча келтирилген материалдык чыгымды өндүрүү, алынган буюм далилдердин келип чыгышын аныктоо багытында тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери уланууда. 

Тилекке каршы газетада көрсөтүлгөн эки кылмыш фактысынын бети ачыла элек, бирок бул багытта ыкчам иликтөө жанан кылмыш бетин ачуу багытында уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алар боюнча да кыскача маалымат: 

1.2020-жылдын 1-январь түнүндө Бишкек шаарынын Куликовский көчөсүндө жайгашкан “Азия” медициналык окуу жайынын кеңсесинен 4 беткапчан, куралчан кылмышкерлер кароолчусунун буту-колун байлап, 1.380.000 (бир миллион үч жүз сексен миң) АКШ долларын алып, кылмыш болгон жерден изин суутушкан. Бул факт боюнча кылмышка шектүү жарандар бар, бул багытта ыкчам иликтөө жанан кылмыш бетин ачуу багытында уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Таткап айтып кете турган нерсе, 2020-жылдын беш айынын  ичинде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө резонанс жараткан 39 каракчылыктын бети ачылып сотко ашырылган, учурда да 35 кылмыш боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

2.2019-жылдын 11-декабрында саат 20:30 чамасында, Кара-Суу районунун Нариман айылынын Т.Сулайманов көчөсүндөгү автоунаа жолунда белгисиз айдоочунун башкаруусундагы «Mercedes-Benz 230» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери О 82-17 U автоунаасы күн-батыштан күн-чыгышты көздөй келе жатып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, күн-батышты көздөй келе жаткан Кара-Суу шаарынын Нурахунов тургуну 1988-ж.т. Я.М. башкаруусундагы «Honda Jazz» үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгын жасап, белгисиз айдоочу жол кырсыгы болгон жерде өзүнүн автоунаасын таштап изин жашырып качып кеткен, ал эми «Mercedes-Benz 230» автоунаасы белгисиз себептерден улам өрттөнүп кеткен.    Натыйжада, «Honda Jazz» автоунаанын айдоочусу Я.М. жана жүргүнчүлөрү 1987-ж.т. О.Т.,, 1988-ж.т. К.У. денелеринен жаракат алышып Ош облустук ооруканасына кайрылышкан. Аталган факт 2019-жылдын 12-декабрында КРнын ЖКнин 297-бер. (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) каралган кылмыш белгилери менен Кара-Суу РИИБнин КЖБРне менен сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө КРнын ЖКнин 202-беренесинде (каракчылык) каралган кылмыш белгилерине квалификацияланган. Бул факт боюнча кылмышка шектүү жарандар бар, бул багытта ыкчам иликтөө жанан кылмыш бетин ачуу багытында уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары ИИМдин кызматкерлерине курулган үйлөр боюнча да кыскача маалымат: Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К.Джунушалиевдин убагында 2016-жылы Бишкек шаарында К.Акиева көчөсүндө  207 батирлүү үй кызматкерлерге берилген. Андан сырткары учурда ички иштер кызматкерлерин  социалдык турак-жай менен камсыз кылуу багытында 2020-жылга карата 516 батирдин курулуп  бүтүүсү мерчемделүүдө. Бишкек шаарында 216 батирлүү. Ош шаарында 240 батирлүү жан Нарын шарында 60 батирлүү турак үйлөрдүн курулуш иштери жүргүзүлүдө. Андан тышкары Каракол шаарында 60 жана Талас шаарында 60 батирлүү турак үйлөрдүн курулушу күтүлүүдө. Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай райондук жана  Нарын облусунун Кочкор райондук ИИБинин жаңы салынган имараттарынын иштери аяктоо алдында турат. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имараты да капиталдык  оңдоп-түзөө иштерин аяктоонун алдында.

2020-жылдын 31-май күнү ИИМдин өздүк курамга чыккан буйругунун негизинде бир канча кызматкерлер жаш курагы 55ке чыккандыгына байланыштуу ардактуу эс алууга жиберилген. Эмне үчүн ИИМдин орун басары Памир Асанов ардактуу эс алууга кетпейт? Же эмне, Памир Асановго ал мыйзам иштебейби деген суроого жооп иретинде ИИМдин орун басары П. Асанов боюнча өз кезегинде 2019-жылдын  24 октябрында маалымат берилгендиктен, ошону дагы бир жолу эсиңиздерге сала кетели. Соттук-укуктук реформанын алкагында жана 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенине байланыштуу жаңы процесстик талаптар пайда болуп, тергөө бөлүмдөрү менен алгачкы тергөөгө чейинки кызматкерлердин ролу жана жоопкерчилиги жогорулаган. Ушуга байланыштуу республиканын ИИОнун бардык аймактык бөлүмдөрүн координациялоо максатында ИИОнун сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары кызматы киргизилген.

Азыркы убакта, жаңы жазык мыйзамдарын мындан ары дагы ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр менен кошумчалар киргизилип, кызматкерлер окутулууда. Бул багытта министрликтин ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн министрдин орун басарларынын бирине милициянын полковниги Памирбек Асанов дайындалган. Ал ички иштер министринин орун басары кызматына дайындалгандан мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы кызматында иштеп келген. Ал эми, андан мурда ар кандай жетектөөчүлүк кызматтарды аркалап, тергөө багыты боюнча мол тажрыйбага ээ болгон милиция кызматкери экендиги да эске алынган 2019-жылдын 16-октябрында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 55 жашка чыккан. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык, орто жана ага жетектөөчүлүк курамдын атайын наамы бар ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында кызматын өтөй алышат жана 55 жаш курагынын алкагында отставкага бошотулат. Тактап айтканда, азыркы мыйзамга ылайык туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок. Ал мыйзамда 56 жашка чейин иштөөгө болоору көрсөтүлгөн. Ошондой эле белгилеп кете турган нерсе жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу, алардын берген билдирмесинин (рапорт) негизинде ишке ашат.

Учурда "Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кирген мыйзамда кызматкерлердин 55 жашка чыгаары менен отставкага кетирүүнүн нормалары каралган. Демек, быйылкы жылдан баштап жаш курагына байланыштуу отставкага кетирүү жаңы мыйзамды талаптарын эске алуу менен жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости