www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын аныктоочу жаңы лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Ал жерде бир сааттын ичинде сегиз адамдан анализ алынып, жыйынтыгы 99% так чыгат. Буга чейин бул ыкма коронавирус үчүн колдонулбаган себеби, ал жердеги аппараттар кургак учукту жана ага рифампициндин күчү жетпей калган түрлөрүн аныктоодо колдонулчу. Биз ыраазычылык билдиребиз, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын жардамы менен картридждер алынып келди. 6550 картриж менен ошончо адамды камтыса болот. Бир саат ичинде анализинин жыйынтыгы чыгат", - деди Каратаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости