www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-июнда Ошто каракчылык кылганга шектелген кримавторитет кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.  

Ушул жылдын 11-январь түнү болжол менен саат 03:30 чамасында милиция бөлүмүнө шаардык ооруканадан денесинен оор жаракат алган бейтап түшкөндүгү маалымдалган. Ооруканага ички иштер органдарынын кызматкерлери барышып, жабырлануучу Ош шаарынын 1989-жылы туулган Р.У. аттуу жашоочусу экенин аныкташкан.

Окуя түнкү саат 02:00 чамасында болгон. Анда жабырлануучунун унаасын “Народный” дүкөнүнүн жанынан белгисиз адамдар токтотушуп, кол салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу жаагынан үч жеринен сынык алган. Кылмышкерлер анын капчыгын, травматикалык тапанчасын алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делинген үч жаран, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган “Казак” каймана аты менен белгилүү У.М. кармалган.

24-июнь күнү жогорудагы окуяга катыштыгы бар делинип дагы бир жаран кармалды. Шектүү Ош облусунун Өзгөн районунун 1986-жылы туулган Т.И. аттуу тургуну. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Положенец” криминалдык статуска ээ, мурда соттолгон.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости