www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин төрагасынын пресс-катчысы Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алдым деп мактанып, жер жүзүнө жайып жатат. Эмне спикер Дастан Жумабеков да пресс –катчысынан коронавирус жуктуруп алганбы? Акыркы мезгилдерде  Төрөбай Зулпукаров Төрөбай Кулатов сыяктуу тынбай иштеп келатат. Анын “Биримдик” партиясы үчүн болгон эмгегин көрө албаган спикер, “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Дастан Жумабеков, өзүнүн маалыматчысы аркалуу көөлөй албаса да, коронавирус жуктуруп алыптыр деп сөз тарата баштады. Төрөбай Зулпукаров куландан соо экенин баса белгилеп жатат, ал Кыргызстанда четтен алынган насыяларга курулуп жаткан жолдорду жергиликтүү компаниялар курушу керек деп айтканын бардык эл туу кылып көтөрүп жүрөт.

Негизи ушундай коопсуз учурда саясат чөйрөсү сактанбаса болбойт. Башкаларга салыштырмалуу дарыгерлер коронавирус жуктуруп алгандарды дарылоо максаты менен ушул дартка чалдыгып жатышса, ар кандай иш менен, айрыкча ушул мезгилде парламентке шайлана турган талапкерлер ар ким менен байланыш түзүп жатат. Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ушул жумада бул дартка сайылып алган. Кызыгы, эмне үчүн ал контактта жүргөн  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бул оору менен шүгүрлөнбөй, Ибраим Нуракун уулу башка депутаттарга  коронавирустун залдыктарын айдап жиберген?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости