www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлшат Асылбаеванын чуулгандуу мыйзам долбоорун колдогон депутаттардын арасында «Республика-Ата Журт» фракциясынын өкүлү Экмат Байпакбаев дагы бар. Аталган эл өкүлүнөн 25-июнда коронавирус аныкталганын жергиликтүү басылмалар жазышкан. Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынына чындыгында Байпакбаев келген эмес. Учурда айрым кабарларга караганда, эл өкүлү изоляцияда жатат.

Ошого карабастан Байпакбаевдин атынан мыйзам долбоорду колдоого добуш берилген.

За законопроект Асылбаевой "проголосовал" депутат, который находится в изоляции

Эске салсак, 25-июнда Жогорку Кеңеш Гүлшат Асылбаеванын “маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Расмий маалыматтар боюнча, добуш берүүгө 89 депутат катышкан. Анын 79у макул, 10у гана каршы добуш беришкен. Бирок Дастан Бекешев социалдык тармагы аркылуу билдиргендей, жыйынга чындыгында аз депутаттар катышкан. Журналисттер УКМКга кайрылып, кесиптештеринин ордуна да добуш берген депутаттарды жазалоону талап кылышты.

Буга чейин жыйынга катышпаган депутаттар үчүн берилген добуштарга байланыштуу төрага Дастан Жумабековду жана депутат Сайдулла Нышановду сотко беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости