www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановго каршы Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу төрага өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан, коомчулуктун жана өзүмдүн атымдан "Ата Мекен" фракциясынын депутаты С.Нышановдун башка депутаттар үчүн да дайыма добуш берип келе жаткандыгы үчүн КРнын Башкы прокуратурасына расмий арыз таштоону туура көрдүм. Кандай дейсиздер, эл өз укугу үчүн күрөшпөсө болбой калды.  Булар биздин үстүбүздөн билгенин жасай берет экен.

КРнын Башкы прокурору Ө.А. Жамшитовго

Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!

Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз.

Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндүрүшкө алууңузду өтүнөм.

Кыргыз коомчулугунун атынан "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев", - деп арызын аяктаган ал. 

Эске сала кетсек, Нышанов буга чейин жергиликтүү булактардын бирине жыйынга келбеген катарлаш олтурган депутаттар үчүн да добуш бергенин айтып, интервью берген. Анын бул сөзү кызуу талкууларга себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости