www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Садыр Жапаровду колдоо митингине чыгып, камакка алынган Каныбек Осмоналиевдин уулу Чыңгыз менен атасынын абалы начарлап баратканына кооптонуп жатканы боюнча сүйлөштүк.

--Чыңгыз, атаңыздын абалы кескин начарлап, УКМКнын СИЗОсуна тез жардам чакырылганы айтылууда. Жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп короновирустун белгилери байкалып жатабы?

--Кечээ, 23-июнда атамдын ден соолугу кескин начарлап, дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, жөтөлө баштаптыр. Андан сырткары жүрөк ооруусу да кармап кусуптур. Абалы оорлошуп кеткенине байланыштуу УКМКнын СИЗОсуна тез жардам чакырууга аргасыз болушуптур. Биринчи жардам көрсөтүлгөнү менен абалы жакшырып деле кеткен жок. Ошон үчүн атам COVID-19 жуктуруп алганбы деп кабатырланып жатабыз. Кудай   сактасын, бирок COVID-19ду жуктуруп алса, организми көтөрө албай калабы, ансыз да ден соолугу начар эле. Жүрөк оорусун козгоп атабы деп кооптонуп жатабыз.

Себеби, көз карандысыз дарыгерлер COVID-19 вирусу  жүрөк оорууларын өрчүтөөрүн айтышууда. Атам болсо бир нече жолу жүрөгүнөн операция болгон. Инсулть алган. Эгер COVID-19 вирусун жуктуруп алган болсо, инфарктка, инсультка же башка күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтышууда. Мына ушул жагдайлар бизди санаркатып жатат.

--УКМКда COVID-19 вирусу менен ооругандар бар бекен?

--Расмий эмес маалыматтарга караганда, ушундай эле белгилер УКМКнын тергөөчүлөрү менен башка кызматкерлеринен байкалып, алар азыр жумуштарына чыкпай, коронавируска ПЦР-анализдери тапшырып жатышыптыр деп уктук. Эгер COVID-19дун тез жугарын эске алсак, УКМКнын СИЗОсунун жана башка кызматкерлеринин жапырт ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү бар десек болот.

--Жактоочулары мындай абалда эмне кылыш керек деп жатышат?

--Атамдын жактоочулары тез арада доктурга жаткырып, бардык керектүү анализдерди тапшыруу зарылдыгын айтып жатышат. Ошондой эле  COVID-19га дагы анализ тапшыруу керектигин айтышууда. Кыскасы, атамдын жактоочулары менен жакындары УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигинен талаптагыдай медициналык жардамды камсыздап беришин жана атама талаптагыдай жардам көрсөтүү үчүн атамдын баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратпагыдай кылып өзгөртүүнү суранып жатабыз. Негизи атамдын ден соолугундагы опурталдуу жагдайларды эске алып, үй камагына эле чыгарып берсе болот эле. Атам качпайт, качмак да эмес. Суракка чакырган учурунда келип турмак. Атамдын ден соолугу баарыбызды бушайман кылып, не кылар айлабызды таппай жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости