www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык, ал коронавируска анализ тапшырды. Бу тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү шектүү Каныбек Осмоналиев ден-соолугунун начарлыгын айтып, ага тез жардам кызматы чакыртылган.

“Учурда К. Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле К. Осмоналиев COVID-19га ПЦР-анализ тапшырды”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулган эл менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости