www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий жана коомдук ишмер, Топчубек Тургуналиевдин "Майдан.kg" гезитине жарыяланган маегин айрым кыскартуулар менен "NazarNews" маалымат агенттиги окурманыбыздарга сунуштайбыз. 

--Шайлоо системасы жөнүндө пикириңиз?

--Мандаттардын бир бөлүгүн мажоритардык формадагы шайлоого бербесе болбойт. Бул жолку шайлоодо парламентке биринчи талап, ыймандары тазалар, демек колдору тазалар келиши керек. Алар мамлекеттин, элдин мүлкүнө суук колдорун салбайт. Экинчи, коомдук тармактар боюнча абдан билимдүүлөр келүүлөрү зарыл. Мисалы, медицина жаатынан тармактын көйгөйлөрүн терең билгендер шайланышса, алар өз тармагынын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышат, өнүктүрүү жолдорун аныкташат, тармакка керектүү мыйзамдарды да жазышат. Үчүнчүсү, чынчылдар, адилеттүүлөр келүүлөрү зарыл. Азыркы парламенттегилер биринин кылганын экинчиси көрмөксөнгө салып, "карга - карганын көзүн чокубайт" болуп эле отурушат, Алар сенин мыйзам долбооруң мындай, тигиниң тигил жерден көчүрүлгөн дегенден башканы айтышпайт. Эмне үчүн бир да депутат "азыркы парламенттин курамындагылардын 90 пайыздан ашыгы бул жерге татыксыз наадандар, 95 пайызы кычыраган байлар, ал эми элдин калган бөлүгүнөн да өкүлдөр келсе да болбойбу? - деген маселе көтөрүшпөдү?

--Дагы кандай талаптар зарыл?

--Парттизмеге киргендердин бардыгын милдеттүү түрдө медико-психикалык экспертизадан өткөрүү зарыл. Жөнөкөй коомдук унаа айдоочулардын ден соолугун күнүгө эртең менен врачтар текшерип турушат. Эмне үчүн бир бийликтин башына келгендер андай текшерүүдөн бир жолу да өткөрүлбөйт? Азыркы депуаттардын арасында баштары айнып кеткен дөөдүрлөрү деле жетишерлик. Алар, мүмкүн, Чым-Коргондо дарыланууга муктаж. Президенттикке талапкерлердей эле парттизмелерге киргизиле тургандардын да мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилиши керек. Тилди билишпесе, ал тилде кантип мыйзам жазышат? Мамлекеттик тилди билбегенди-мамлекеттик кызматкер деп атаганга да болбойт. Талапкерлердин шектүү байыгандары да текшерилүүсү зарыл.

--Баса, Сиздин люстрация боюнча мыйзам долбооруңуздун тагдыры эмне болду?

--Мен 2010-жылы "Люстрация жөнүндө" (Бийликти тазалоо) мыйзам жазып, бир депутатка бердим эле андан ары дайыны чыкпай калган. Берер адамды да тапкан экем, чындыгында мен аны анда таза деп эсептечү элем. Көрсө, Акаевдин айланасындагыларга мамлекеттин далай байлыктарын, мүлктөрүн ит бекер өткөрүп берип, өзү да "майлуу бармагын жалабай эле ашаган" неме турбайбы. Дагы деле кеч эмес." Люстрация жөнүндө" мыйзам кабыл алынса, азыркы депутаттардын көпчүлүгү мыйзам чыгаруу бийлигине түгүл, оодандык, айылдык жетекчи кызматтарга да жолотулмак эмес.

--Андай мыйзамды азыркы парламенттин кабыл алуусунан үмүт кылып кереги жок. Бир жагы кеч болсо, экинчи жагынан алар аны эч качан кабыл алышпайт. Жогоруда сиз айткандардын көпчүлүгүн деле ишке ашырганга кеч болуп калды окшойт...

--Аны мен деле түшүнүп турам. Жок дегенде ушул жерде айтылгандарды шайлоочулар добуш бергени келгенде эске алсын деп айтып жатпаймынбы.

--Ал мыйзам долбоорунун ток этер жери эмнеде эле?

--Казынага суук колун салып, өлкөгө өзгөчө көп зыян келтиргендерди айрыкча катуу жазалоо:

--Айрыкча?

--Ооба. Миллиондогон, миллиарддаган акчаларды уурдагандарды:

а). Өмүрүнүн аягына чейин шайлануу же кызматка дайындалуу укуктарынан ажыратуу;

б). Уурдагандарынын баарын казынага толук кайтаруу;

в). Жаза мыйзамынын эң катуу беренеси менен соттоп, өкмөттүн "курортуна" узак мөөнөткө жиберүү;

г). Акаев, Бакиев, Атамбаевдин аркалары менен жыргап мыйзамсыз байыгандарды он жылга шайлануу, дайындалуу укукгунан четтетип, төлөтүп, "курортторго" айдоо;

--Толчуке, шылуундардын баары топтогондорун бала-чака, тууган-уруктарына жаздырып коюп, анан Куранды кармап кедеймин дегендерди кантип керек?

--Атайын мыйзам кабыл алуу зарыл.

--Алдыдагы шайлоодогу эң чоң коркунуч эмнеде?

--Бүгүнкү милилионер наадан депутаттар Жогорку Кеңешке кайра келип калышы мүмкүн.

--Анда эмне болот?

--Бийликтин бир капталы азыркыдан да жаман очорулат, коомдук нааразылык күчөйт, саясый тирешүү жаралат. Мамлекет башчысы - Баш мыйзам дын кепили. Айтылгандардай болбосу үчүн ал өз ыйгарымдарынын чегинде чечкиндүү чараларды көрүүсү зарыл.

--Добуштардын канчасы сатылат деп ойлойсуз?

--20-30 пайызы сатылат деп ойлойм. Ага элдин бир бөлүгү көнүп калган. Кармалгандарын катуу жазаларга тартуу парз. Антпесе азайбайт, көбөйөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости