www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай маалыматты Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирген. Анын маалыматына таянсак, Биринчи май райондук соту 27-июнга чейин Чүй проспектисинде, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой чечим бар экенин Адыл Оморов мындай деп ырастаган:

--Ошондой чечим бар экен. 27-майдан 27-июнга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынат, башка жакка барып уюштурса болот деп каралган экен. Себептери көрсөтүлгөн эмес, көзөмөлгө салгыла деп айтылган.

Эртең менен Жогорку Кеңештин алдына активист жаран Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыгып, милиция кармап, кайра бошотконун жазганбыз. Өндүрүш Токтонасыров да “ошондой чечим бар экен. Ушу кантип болсун?” деп нааразы болгон эле. А сизчи, окурман, мындай чечимге ыраазысызбы же нааразысызбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости