www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланып, ошол эле жылдын 1-декабрында расмий түрдө ишке киришкен Алмазбек Атамбаев 1956-жылдын 17-сентябрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Алмазбек Шаршенович массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында балалык чагы жана апасы тууралуу көп эскерет.
Айтымында, ал карапайым эле үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келип, эл катарында жай турмушта, болгондо да кыш жана жай мезгилдеринде электр жарыгы жок колхоздун багында жашаган. Алмазбек Шаршенович апалардын күнүндө баатыр энелерди куттуктап жатып: “Менин апам өмүр бою колхоздо эмгектенди. Ал алтын, күмүш сөйкө-шакектерди тагынып, кымбат баалуу көйнөктөрдү кийген жок. Башынан көп кыйынчылыктарды кечирди, бирок, бардыгына сабыр кылып балдарынын келечеги үчүн кам көрүүгө бүт күчүн жумшады. Анын акыл калчап иш кылганы жана берген кеңештери ар кандай кырдаалдарда мага жардамга келип туура жолду көрсөттү. Азыр сиздерди карап олтуруп кудум өзүмдүн апамды көргөндөй болуп олтурам”,-деп эскергени бар.
Анын бул сөздөрү оор турмушта жашаганынан кабар берип турат. Президентибиз кичинесинде байкелеринин эски кийимдерин кийип жүрүп чоңойгон. Ал башка бир туугандары сыяктуу ата-энесине жардам берүү максатында эгин талааларын сугарып бир учурда сугатчы да болуп иштеген. Кичинесинен тарта от жагып, жүк ташып, короо шыпырып чоңойгон Алмазбек Шаршенович мектепте алдыңкы үлгүлүү окуучулардын катарын толуктаган.
Жакшы окуганы жардам болуп кийин эс тартып калганда котормочу болуп да иштеген. Алмазбек Шаршенович анын президент болуусуна окуучулук күндөрүндө шахматты катыра ойногонунун таасири тийгенин айтып калат.
Булак: "lady.kg"