www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясаттагы жаш «клоун» атыккан Мээрбек Мискенбаевдин ар бир жасаган кадамы бирде күлкүгө айланса, бирде шакаба болуп, айтор эл тарабынан олуттуу кабыл алынбай келет. ЖК депутаты кезинде куудулдардын тилин «кыскарткысы» келип чыкканда да бир күлкүгө калды эле. Анан кече жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековго асылып, кайдагы реалдуулукта жок «үй-бүлөлүк, кландык башкаруу» тууралуу сүйлөп чыккан. Бирок, анда эл аны колдогон жок. Алтургай партиялаштары да «кайдагы үй-бүлөлүк башкарууну айтып атат» деп түшүнө алышкан жок. Бирок, «клоун» деген баары бир кайсы бир саясый күчтөрдүн колундагы куралга айланып, ошонун арты менен жан бакканды адатка айлантып алат турбайбы.

Ошентип биринчи аракетинен майнап чыкпаган соң, ал 7-апрелде 10 миң адам менен борбор калаабызда жөө жүрүш жасай тургандыгын билдирген. Анда да колдоруна «үй-бүлөлүк башкаруу болбосун» деген сыяктуу плакаттарды кармап алышмак болгон. Бул жолу да Мискенбаевдин аракети эл тарабынан колдоого алынбай турган болгонун бизге ишенимдүү булактардан кабарлашты.

Жадакалса ал өзү жетектеген «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин да мүчөлөрү «Сен эмне өлкө тынчтыгына кол салган атасың, стабилдүүлүктү бузганы атасың? Кайдагы үй-бүлөлүк башкарууну көрдүң?» деп жарга такаган суроолорду беришүүдө дешет. Ошондон улам бул жөө жүрүш болбой турган болуптур.

Эгерде жөө жүрүш болуп, анан 10 миң адамды башка албай, ар кандай провокациялык кадамдар жасалып, кимдир-бирөөнүн каны агып, же жаракат алып кала турган болсо, анда Мискенбаев керт башы менен жооп бермек. Себеби, муну ал атайылап уюштуруп аткан. Жөө жүрүшкө чыга тургандар өз каалоосу менен чыгышмак эмес.

Мискенбаев үчүн акча төлөнсө эле болду болмок. Андыктан ал жана анын санаалаштары канчалык аракет кылгандары менен көпчүлүк аны колдобой коюшту. Элден өткөн баамчыл, элден өткөн тараза жок эмеспи. Кыязы эски бийликтин учурундагы коррупциялык схемалар Бишкек ТЭЦи аркылуу ачыкка чыга баштаганы да элдин нааразычылыгын туудура баштады окшойт. Демек, эл дагы эски бийликти эми колдобойт, тескерисинче, коррупциялык иш-аракеттери үчүн жооп беришин талап кылышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости