www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Паспорт алуу түйшүгү жеңилдеди

Чындыгында, мындайды эзели күтпөгөнбүз. Анткени, Алай райондук паспорттук-визалык жана каттоо бөлүмүнө баш баккандар бирин-серин. А кезек күткөндөр дээрлик жокко эсе.

Мухаммед ИСМАИЛ уулу, Алай району, жаш активист: - ID кардымды тез эле алдым. Эми минтип чет өлкөгө баруу максатында жалпы жарандык паспортумду дагы жасатып жатам. Буердегилер таптакыр жалдыратышкан жок. Керектүү документтеримди бүт топтоп, анан тапшырдым эле. “Жалпы жарандык паспортуңду бир аптадан кийин аласың!” - деп ыраса сүйүндүрүштү. Эң негизгиси: адаттагыдай упузун кезек күткөндөн кутулдук. Баары тең ыкчам жана маданияттуу тейлеп жатышат.

Табылды АШЫМОВ, Алай району, Жошолу айылынын тургуну: - Мурдагыларга окшоп кылган кызматына ачык эле акча талап кылбай калышты. Билбегендериңиди сурасаң, эзели кагып-силкишпейт. Жөн жай гана жана купулга толоорлук түшүндүрүшөт. А түгүл анкетаңды дагы кээде кошо толтурушат. Паспорт бөлүмүндө иштешкен баардык кызматкерлер кичипейил, анан ак көңүл жана өтө сабырдуу.

Гүлнара РАЕВА, Алай району, Ак-Босого айылынын жушоочусу: - Мурда кезек күтүп эле жатчубуз. Четөлкөгө барганда урунчу паспортту айтасыңар да, мобул эле ID кардды ай караткан текедей өлө күтчүбүз. Танып не. Нурзат Эркинбаева паспорт үстөлүн жетектегенден бери оңуп эле калдык. Илгеркидей кезек күтмөй биротоло тыйылды. Орой мамиле жасагандар дээрлик жок! Тескерисинче, паспорт бөлүмүндө иштегендер накта кеңешчибизге айланышты. Болгону Бишкекте олтургандар паспорт алуу түйшүгүн мындан дагы жеңилдетип, ашыкча документтерди топтотконду азайтышканы оң.

Алай райондук паспорттук-визалык жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Нурзат ЭРКИНБАЕВА паспорт алуу түйшүгү мурдакыга караганда кыйла эле жеңилдетилгендигин моюндады. Мында аларга Алай районунун Сары-Таш, Сопу-Коргон жана Сары-Могол айылдарында жайгашкан паспорт бөлүмчөлөрү дагы абдан катуу көмөктөшүп жатышкандыгын кошумчалады.

- Эң башкысы: бардык бөлүмдөрүбүздө жана бөлүмчөлөрүбүздө тейлөө системасы бүтүндөй заман талабына ылайык автоматташтырылды. Көрдүңүздөр го, кезек күткөндөрдөн акыры кутулуп тындык! - деди Алай райондук паспорттук-визалык жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Нурзат Эркинбаева. – Мында Алай райондук паспорттук- визалык жана каттоо бөлүмүнүн эмгек жамаатынын дагы мээнети абдан чоң. Анткени, арабызда абийирдүү эмгектенишкен райондук бөлүмдүн кызматкери Нурлан Эргешов, Сопу-Коргон бөлүмчөсүнүн өкүлү Самарбек Маманов, Сары-Таш бөлүмчөсүнүн жетектөөчү адиси Сагынгүл Койчубаева өңдөнгөндөрдүн аркасында кадырыбыз улам артып, аброюбуз бара-бара жогорулап баратат.

Аттиң... Алай райондук паспорттук-визалык жана каттоо бөлүмүндөгү иштиктүү кырдаал республикабыздын бардык-булуң бурчунда туруктуу өкүм сүрсө, тармактагы жемкорлук эбак эле ооздукталмак. Балким, Кыргызстандын башка аймактары дагы Алай районунун паспортчуларынан жакшы жөрөлгөнү намыстанбастан үйрөнүшөөр. Ылайым ошол күндөр алыс болбосун...

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости