www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам долбоорунда 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөкпул каралган. Анда майып балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу, ата-эне камкордугунан ажыраган жана мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик эсептерди ачуу чаралары камтылууда. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 298 миӊ бала жөлөпул алууда, эгер бул мыйзам кабыл алынса, алардын саны эки эсе көбөйөт. Ал үчүн бюджеттен 1 мдрд 800 миӊ сом талап кылынат. Андан тышкары, балдарга жөлөкпул чектөөдө жакындарынын пенсиясы үй-бүлө кирешесинен чыгарылып салынууда. Эгерде муктаждыгы аныкталса, баланын санына карабастан жөлөкпул бериле берет.

Андан тышкары, жыйын жүрүшүндө Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөрдүн саны менен минималдуу киреше чеги тууралуу да сөз болду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын айтымында, Кыргызстандагы жакырчылыктын чеги 2016-жылы 27 пайызды түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгында ал 25 пайызга чейин кыскарган.

Ал эми вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын айтымында, жылдык минималдуу киреше чеги 900 сомду түзөт, бирок азыр аны 1421 сомго чейин көбөйтүү чаралары көрүлүүдө. «Негизи мыйзамдарды башкаруу жана аткаруу жаатында калпыстыктар бар. Ошондуктан, административдик чараларды өркүндөтүү зарыл», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости