www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Сапарбек Аманкулов активист Темирлан Ормуковду ооруканага алып кеткенден кийин, милиция бөлүмүнүн алдында журналисттерге түшүндүрмө берди.

- Ормуковдун үстүнөн жалган көрсөтмө берүү фактысы менен биз тараптан кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Соттук отурумдарга келбей койгону үчүн биз аны тергөөгө чакырганбыз. Ошонун негизинде азыр келип, сүйлөшүп жаткан учурда "ажатканага барып келейин" деп, ошол жерде өзүнүн курсагын эки-үч жерин устара менен тилип коюптур. "Тез жардам" кызматы аны ооруканага алып кетти.

Аманкулов "Темирлан Ормуков жүрөгү ооруп жатат" деп кабарлаганы үчүн аны Улуттук кардиология борборуна алып кетишкенин кошумчалады.

Буга чейин Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө келген Темирлан Ормуков өзү да "Азаттыкка" телефондон бул боюнча кыскача маалымат берип, аны куугунтуктоого каршылык билдириш үчүн ичин кесип салганын билдирген. Аны ооруканага алып кетип жаткан учурда ал "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде видеодон прокуратураны, ички иштер бөлүмүн жана өкмөттү сындап сүйлөп жатты. Видеодо анын ички кийимдери канжалап турганы көрүнүп турат.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту көзү азиз активист Темирлан Ормуковду бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарганы кабарланган. Сот чечиминин көчүрмөсүн активист өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялап, издөөгө алынганына таң калып турганын билдирген.

Ормуковго карата “Ушактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону быйыл февраль айында кабарланган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовду бир катар мыйзамсыз иштер боюнча айыптап, милицияга арыз жазган. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ормуков жазгандар жалган экени аныкталган.

Ага чейин Башкы прокуратура Ормуковдун президентти сындап Интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган.

Майып активист ага карата басым болуп жатканын, өзүнүн жана кошуналарынын үйүн Каржы полициясы камакка алып койгонун айткан. 

Булак: "azattyk.org"

Последние новости