www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдагы карантин күндөрү, дээрлик пандемиянын оор шартында бир канча ай Райым Матраимов жалпы өлкө боюнча кыйналган элге гуманитардык жардамдарды жөнөтүп, ажаат ачканы эсибизде. Ооруканаларды ачып, дары-дармектер, ПЦР тесттер, дем алдыруучу аппараттар менен камсыздаганы - мамлекетке опол тоодой көмөгү эле.

Дегинкисинен алганда, Исмаил Матраимов атындагы фонд көп жылдардан бери жардамга муктаждарга каралашып келгенин жамы журтубуз билип калды. Ошентип, жүздөгөн, миңдеген адамдардын сообуна калганы узун элдин учуна кетти...

Аныгында, Райым Матраимов кыйла убакыттан тарта жеке кылган жакшылыктарын жарыялабастан эле жасай бергенине ынандык. Колунда барбы, аябайт!

Себеби, бул жашоо-жалган дүйнө. Ал кайрымдуулук иштеринен сырткары, интеллектуалдык чөйрөгө, билим алууга, маданият, спорт, ж.б. тармактарга демөөрчүлүк кылып келгенин санап бүтө албайсың. Баш-аягын өзү деле унутуп койсо керек. Кудай ырыскыны сүйгөн пендесине берет дегендей, Райым Матраимов канчалык бай болсо, ал дүнүйө-мүлкүн башка бизнесмендердей катып жатпай, элибизге чачып келди.

Адамзаттын жашоосунда мындай көрүнүш сейрек эмеспи. Эң кызыгы, азыр Кыргызстандын бардык аймактарынан каарманыбыздын жардамын көргөн, колдоосуна ээ болгондор тынчсызданууда.

Көпчүлүк арасында сөз күчөдү. Кандай дейсиңби? «Жогорку Кеңештин шайлоосуна Райым Матраимов чыгабы? Биз колдойбуз!» дегендин катмары калыңдап бара жатат. Сүрөп чыгууга - ашыккандарга, дээрлик күткөндөргө кандай жооп болот?

Жакшылыктын кайта турган күнү жакындадыбы? Ал эми Райым Матраимов парламенттик шайлоого чыгар-чыкпасын айта элек. Күткөндөр арбын…

Булак: Азия News гезити

Последние новости