www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва расмий Вашингтонго АКШнын Россиядагы шайлоолорго кийлигишкенин тастыктаган маалыматтарды берип, эми жооп күтүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчиси Жон Салливан бул көйгөйдү талкуулоо үчүн Смоленская-Сенная аянтына чакыртылды.
"Маалыматтарды ага бердик. Ал жерде өтө олуттуу көйгөй турат. Эми АКШлык кесиптештерден жооп күтүп жатабыз", — деди Лавров.
Министр кеп айрым чет элдик интернет-платформалардын тыюу салынган контенттерди алып салуудан баш тартканы тууралуу болуп жатканын айтты.
"Майда-чүйдөсүнө чейин айта албайм. Негизгиси чет элдик платформалардын тыюу салынган контенттерди алып салуудан баш тартканы тууралуу сөз болду. Биз фактыларды берип, АКШ элчиси аны маалымат катары кабыл алып, текшерип чыгабыз деп убадалады. Ошол эле учурда ал кимдир бирөө Россиянын мыйзамдарын бузуп жаткандыгы боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады", — деди министр.
Ал эми Кошмо Штаттардан Салливан россиялык кесиптеши менен орус-америка мамилелерин турукташтыруу боюнча сүйлөшкөнүн кабарлады.
Эске салсак, Россияда 17-19-сентябрь күндөрү парламенттик жана башка шайлоолор болот. Мамлекеттик думанын депутаттары аралаш система менен шайланат. 225и партиялык тизме аркылуу келсе, дагы ошончо адам бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
Булак: NazarNews.kg