www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы орто мектепте биринчи коңгуроо салтанатында кутуга салынган окуучу айыл өкмөт башчысынын орун басарына сюрприз кылынган. Бул көрүнүш социалдык тармакта кызуу талкууну жаратты.

Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Канат Курманалиевге байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Аны эмнеге жиберишкенин билбейм. Учурда кыз тумчугуп калса эмне болот деп баары сөгүп жатышат. Чыгыңыз дешкенинен билбей эле чыккам. Ал нерсе акимге даярдалган экен, аким барбай калган. Мен айыл өкмөт башчысынын ордуна баргам. Куттуктоо сөзүн сүйлөп, андан соң мени ортого чакырышты. Чыксам ушул кутуну ачып коюңуз, сюрприз дешти. Ачсам эле 1-класска келген окуучу кыз жылмайып чыга калды. Аны көтөрүп, бетинен өөп, жакшы каалоо-тилектеримди айттым.

Кутунун үстү ачык экен, үстүнө беш-алты шарларды коюп лента менен байлап коюшкан экен. Лентаны тартканда эле шарлар өйдө учту, кыз шак эле тура калып жылмайыңкы карады. Мектеп кызматкерлеринен сурасам, бул нерсени уюштургандан мурун окуучу кыздын ата-энесинен уруксат алышкандыгын айтышты. Аларга сюрпризиңер орой болуп калды деп айттым", - деп билдирди Курманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости