www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда автобус айдоочулары менен метрополитендин кондукторлору транспорт каражаттарына беткапсыз адамдарды киргизбөө боюнча чараларды көрүшү керек болот. Мындай чечимди Республикалык атайын комиссия 23-июнда кабыл алды.
Ага ылайык, жарандардын арасында жоопкерчиликти күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук транспортторду акыркы аялдамаларында дезинфекциядан өткөрүү каралган. Ошол эле маалда жооптуу адамдарга автобекеттер менен аэропорттордо санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлдөө иши жүктөлдү.
Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Республикалык атайын комиссиянын чечими менен эми санаторийлерге, пансионаттарга, балдар лагерлерине, ошондой эле башка эс алуу жана саламаттыкты чыңдоо жайларына кабыл алууда акыркы 72 саттын ичинде тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгы да талап кылынат.
Акыркы күндөрү Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар эки эсеге (200дөн 400гө чейин) көбөйдү.
Эске салсак, буга чейин атайын комиссия вакцина ала турган жарандардын категориясын кеңейткен. Ага ылайык, 50 жаштан ашкандар жана университеттердин окутуучулары коронавируска каршы бекер вакцина алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Булак: NazarNews.kg