www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина чыгарган компанияларга бардык жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров президенттин бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

«Ким Кыргызстанда коронавирустун вакцинасын чыгарса, бардык жеңилдикти бергенге даярбыз. Акча, жабдык, кепилдик, эмне кааласа беребиз. Иши кылып бизге вакцина бериш керек. Кыргызстандын калкынын 0,7% гана эмделип бүттү. Бул туризм, тейлөө кызматына негизделген биздин экономиканын трагедиясы жана кыйрашы. Жакынкы убакта вакцина барына жеткиликтүү болушу керек», - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров 28-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин кеңешчиси Кыргызстанга келе турганын айтты. Анын билдирүүсүндө, Индия Кыргызстанда вакцина чыгарууга ниеттенип жатат.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкекте катталууда. Адистер аймактарда да абал дурус эместигин белгилешүүдө.

Коронавируска каршы 92 миңден көбүрөөк киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары колдонулуп жатат. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасы келерин кабарлаган.

Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости