www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ балдарды эмдөө боюнча көз карашын өзгөрттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму көз карашын өзгөртүп, балдарды эмдөөдөн өткөрсө болорун билдирди. Бул тууралуу ДССУнун жаңыртылган сунуштарында айтыларын РИА Новости жазды.

Ага ылайык, эгер балдар тобокелчилиги жогору топко кирбесе, эмдөө кампаниясы анча шашылыш эмес. Артыкчылык улгайган адамдарга, өнөкөт оорусу барларга жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине берилиши керек.

Балдар жана өспүрүмдөр коронавирусту чоңдорго караганда жеңил көтөрөрү белгиленет.

Эске салсак, буга чейин Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту балдарга «Спутник V» вакцинасын саюуга болор-болбосун изилдөө үчүн уруксат алууга документ тапшырган, жакынкы күндөрү чечим чыгары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости