www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу Тажикстан Ооганстан менен болгон чек арасын күчөтүлгөн режимде кайтарууга өттү. Бул тууралуу Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун төрагасы Ёдгор Фаизовго таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

"Ооганстандагы кооптуу абал бизди ички туруктуулукту камсыз кылууга мажбур кылды. Учурда чек арачылар күжүрмөн даярдыкта турушат", - деген Фаизов.

Ошондой эле Фаизов чек арадагы кырдаал курчуп жатканда качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.

"Биздин экономикалык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алып, биз 10 миңден ашуун оогандык качкындарды кабыл алууга жана аларга кам көрүүгө даярбыз", - деп кошумчалаган ал.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми кечээ, 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып аган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости