www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы дипломат БАЭнин Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси (резиденциясы Ташкент шаарында) Саид Матар Аль Кемзини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири суроолору талкууланды.

Министр Р.Казакбаев эмираттык инвесторлорду Кыргызстанга келип, өлкөнүн келечектүү экономикалык долбоорлорунда финансылык катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн чакырды. Атап айтканда, ал билим берүү, социалдык объектилерди куруу, ошондой эле эл аралык терроризмге жана трансулуттук кылмышка каршы туруу жаатында долбоорлорду ишке ашырууда эмират тарабы менен ийгиликтүү кызматташууну белгиледи.

Министр Р.Казакбаев эмират тарабына COVID-19 менен күрөшүүдө, ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгондорго көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарында Кыргызстандын БАЭге көрсөткөн колдоосун баса белгилеп, министр Р.Казакбаев эмират тарабына 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси өз кезегинде, кыргыз-эмираттык эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирип, банктык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле БАЭ тарабынан каржыланган курулуш долбоорлорун - Токмоктогу Ислам академиясын жана Нарын жана Баткен облустарындагы калктын аялуу топтору үчүн социалдык турак жайларды тез арада ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси Саид Матар Аль Кемзи министр Р.Казакбаевге БАЭнин nышкы иштер министри Улуу Урматтуу Шейх Абдулла бин Заид Аль Нахайандын атынан Абу-Дабиге расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости