www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековдун Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тарткан чечимин колдойт. Бул тууралуу аталган комитет бүгүн билдирүү таратты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Анда“көз каранды эмес медианын ишине кийлигишпөө жана оппозицияга басым жасоону токтотуу азыркы президенттин саясатындагы негизги элементтер экенине ишеним жаратат”, деп белгиленген. Ошондой эле комитет өкүлдөрү азыркы мамлекет башчыдан үлгү алып, өзүнүн "Zanoza.kg" сайтына, журналисттер Нарын Айыпка, Дина Масловага, Дайыр Орунбековго, укук коргоочу Чолпон Жакуповага, “Ата Мекен” фракциясынын адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге карата доосунан баш тартууга экс-президент Алмазбек Атамбаевди чакырышкан.
"Коомго белгилүү болгон кандай гана адам болбосун негиздүү болгон бардык сынга чыдап, башка аткаминерлерге жана депутаттарга өзүнүн чыдамдуулугун көрсөтүүсү керек. Эгер ал мындай сын пикирге даяр эмес болсо элдин алдына чыкпаш керек”, - деп жазылган билдирүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартканы, анын өлкөдөн чыгуусуна салынган тыюу да жоюлганы 17-апрелде белгилүү болгон.
Быйыл 22-февралда Жогорку сот Жээнбековдун Карабековго карата доосун териштирип, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Карабеков Жээнбековго 5 миллион сом төлөп бериши керек болчу. Быйыл 5-февралда президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү тууралуу доосунан баш тарткан.
2017-жылы 6-мартта Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, журналист Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, ага чейинки чечимдер өзгөртүлгөн эмес.
Булак: NazarNews.kg