www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Сапар Исаковдун кадр тандоосуна коомчулуктун нааразычылыгы күч ала баштады. Алтургай мындай нааразычылыктар эми КСДП партиясынан да чыга баштады. Түшүнүктүү кылып айтып берели. Буга чейин УКМК төрагасынын орун басары кызматынан ыргыган Болот Сүйүмбаевди өкмөт башчы Сапар Исаков өзүм билемдик менен эле Экономикалык кылмыштуулук боюнча мамлекеттик кызматын төрагалыгына дайындап салган.

Эми анын орун басары болуп УКМКнын мурдагы кызматкери Исабек Султаналиев дайындалганы маалым болду. Аны 18-апрелде ведомствонун аппаратына тааныштыруу болду. Эми аркага кылчаялы.

16-мартта КСДП фракциясынын отурумунда депутат Ирина Карамушкина күч органдарына карата кескин сын айтып өткөн. Ал коррупцияны күч органдары өздөрү калкалап атканын айткан. Мисалы катары Карамушкина Penwell Business Limited компаниясынын өкүлдөрүнөн алардын пайдасы үчүн чечим чыгарып берүүгө сот жана укук коргоо органдарындагы кызматтагы адамдардын үстүнөн козголгон кылмыш ишин айткан.

Ирина Карамушкинанын айтымында бул кылмыш ишин 2017-жылдын январында Баш прокуратура токтотуп жана аны УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүп берген. Ал жакта ал кылмыш иши кыймылсыз эле жатканын да кошумчалаган. КСДП фракциясынын мүчөсү бул кылмыш ишинин кыймылсыз турганынан улам, ал кылмыш ишинин фигуранттарынын бири Исабек Султаналиев УКМКнын тергөө башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалганын да айтып берген. Тээ 2008-жылы Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй өзгөчө окуя катталган.

Атайын кызматтын тарыхынжа биринчи жолу УКМКнын СИЗОсунан тергөө абагындагы Казакстандын жараны Кайрат Абилхан качып кеткен. Ал ири көлөмдөгү наркотикалык контрабандага шектелип кармалган болчу. Абактан качуу боюнча Аскердик сот тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш ишинде УКМКнын кызматкери Исабек Султаналиев да фигурант болгон. Алтургай аны камакка да алышкан. Ал Кайрат Абилханды качырууну уюштурууга катышкан деп шектелген. Бирок, 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин ал улуттук коопсуздук кызматына кайрадан жумушка орношууга жетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости