www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Коопсуз шаарды" ишке ашыра турган компания аныкталды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, сынактын жеңүүчүсү деп Орусиянын «Вега» радиоуктуруу концерни» компаниясы таанылганын жар салды. Бул тууралуу: «Долбоорду ишке ашыруу наркы 2 млрд. 320 млн. сом суммасында аныкталган, бул баштапкы баадан 230 млн. сомго аз. «Вега» биринчи лот боюнча 1,125 млрд. сом, экинчи лотто 1,195 миллиард сом сунуштаган. Аудитордук текшерүүдөн кийин компания каражатты кепилдик төлөм катары которуп берүүгө тийиш болот», - деп айтты. Нечен жылдан бери ишке ашпай келе жаткан бул долбоорду 9 кылмыш иши козголгон, баскан изи мандемдүү, ишмердүүлүгү шек жараткан Шаршембиев кантип ызы-чуу жок ишке ашырат деп баш катыргандар көп.

Буга чейин үч жолу сынак өтүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылган эмес. Тараптардын талаш-тартышы сотко чейин жеткен.

Булак: "Фабула"

Последние новости