www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зууракан Каденованын окуясы президент Сооронбай Жээнбековго каршы багытталган атайын операциябы? Андай болгондо, мунун артында кимдер турат, Атамбаевби? Толук мүмкүн. Анткени, окуянын өнүгүшү менен көздөгөн багыты жана аткаруучуларынын изи – баары тең Алмазбек Атамбаевдин короосуна барып такалууда. Кантип дебейсизби? Аны төмөндөгү чынжырчадан көрөсүз. Бул окуядагы чечүүчү сөз мындай эмеспи “Мына, Сооронбай Жээнбековдун кадры, кара-кулжалык тууганы!”деген? Зууракан Каденованы курмандыкка чалуу менен Сооронбай Жээнбековго бычак уруу планынын аткаруучулары кимдер?

1. 22-сентябрда депутат Аида Исмаилова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Зууракан Каденованын Сеулдун аэропортундагы окуясын социалдык түйүндөр аркылуу жарыялады. Орун басар айымдын жоругу азырынча тактоону талап кылат – чындап мас беле же өзү айткандай, оорудан улам ошондой абалга кабылдыбы?

Бул окуяда Аида Исмаилова ким? Ал мүмкүн чындап эле тагдырдын буйругу менен окуя болгон жерде болуп калгандыр. Бирок, мамлекеттик кызматкердин, эл аралык дипломатиянын, жадагалса улуттук ар-намыстын эрежелерин сактоо менен бул чырды тынч, ызы-чуусуз чечсе болмок. Аны бардык эрежелерди тебелеп-тепсеп, мындай эмоционалдуу чуу-салууга эмне түрттү? Эсибизде болсо, 2015-жылы жаңы депутат болуп келгенде Аида Исмаилова тизмеден чийилип калып, анын айынан Өмүрбек Бабанов менен кыйла чуу болгон. Кийин белгисиз жагдайларда лидерлери менен кайра келишип, депутат болуп калган. А бирок, ызасы ичинде калганы, ыңгайлуу учурун күтүп жүргөнү айтылып жүргөн. Былтыркы президенттик шайлоо Бабанов менен Атамбаевдин жолун эки ача жолго салганда, “Республика-Атажурттун” депутаттары да эки айрылыш жолго кептелип, бир даары атамбаевдик бийликтин жолоюн жолдоону туура көргөн. Алардын ичинде Аида Исмаилова да бар. Өмүрбек Бабанов ошол бойдон саясаттан кеткен түр көрсөткөнү менен, куйругундагы калбырына карап астыртан Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүүгө аргасыз болгон. Азыр Кыргызстанда эки эле тарап бар – бири Жээнбековдуку, экинчиси Атамбаевдики. Демек, мындай шартта А.Исмаилова экинчи тарапка оогон болсо, алардын бийликке каршы системдүү уюштурулган бул демаршынын бир деталы болуп чыгышы турган иш.

2. Депутат Аида Исмаиловага улай эле Кореядагы элчи Кылычбек Султан “Зууракан Каденова мас болчу, спирт ичимдиги жыттанып турат” деген билдирүүнү таркатты. Бирок, Кылычбек Султан ал кезде инчхон аэропортунда эмес, Кыргызстанда жүргөн, элчиликтин кызматкерлери аэропортко 2 сааттан кийин гана жетип келишкен. Ал көзү менен көрүп, өзү катышкандай иенимдүү маалыматты кызматкерлери аэропортко келгенге чейин эле таркатып киргени айтылат. Анда Кылыч Султан Каденованын мас экенин кайдан билди? Элчи мырза анын мас экенин эмнеге таянып айтты?

Элчи мырза Сооронбай Жээнбековдун далысына бычак сайуу үчүн атайын ушундай кадамга барганы айтылууда. Анткени, бул окуянын аткаруучуларынын максаты Зууракан Каденованын президенттин жердеши экендигин көтөрүп чыгуу болгон. Кылыч Султан муну менен эле чектелип калган жок. Бишкекте атайын маалымат жыйын куруп, аны президент кабыл албай жатканын, ТИМде, тышкы дипломатияда жосунсуз жоруктар болуп жатканын бийликке жеткире албай жатканын баяндады. Сөз арасында Зууракан Каденованын окуясын президенттик аппарат жаап-жашырууга аракет кылганын билдирди. Анын бул кезектеги кадамы президентке ачыктан-ачык багытталганы көрүнүп турду. Айтмакчы, Кылычбек Султанга таандык “Супер Инфо” гезити кийинки мезгилде азыркы бийликке ачык каршылашууну уюштуруп жаткан атамбаевдик пландын рупоруна айланган. Ар бир санында атамбаевдик команданын тапшырыгы менен президент Сооронбай Жээнбековго каршы маалыматтарды таркатып келет. Жогорудагылар Кылыч Султандын президентке каршы активдүү оюнду аткарып жатканын, атамбаевдик пландын бир деталы экендигин боолголоого түрткү берет.

3. Зууракан Каденованын чуусунун фонунда кечээ КСДПчы депутат Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги “саякатчы бакалар” тууралуу фактыларды көтөрүп чыкты. Албетте, жетим-жесирдин, кедей-кембагалдын ырыскысына үй-бүлөлөп саякаттаган министр Таалайкүл Исакунованын, орун басарлары Лунара Мамытова менен Зууракан Каденованын жоруктары ары дегенде мыйзамдын жазалоосуна, бери дегенде пенденин каргышына калчу нерсе экени талашсыз. Алардын пенденин көз жашы тургай, Кудайдын сурагынан коркпогон иштери эч бир актоого татыбайт. Арийне, депутат А.Касымалиеванын бул баалуу жана сенсациялуу билдирүүсү өз учурун бугуп жатып, таамай мээлеп аткан октой болду. Андыктан, Аида Касымалиева да Зууракан Каденованы курмандыкка чалып президентке тап койгон чуулгандуу шапалактын чынжырчасынын бир деталы экендигин айтсак болот.

А бирок...

Зууракан Каденова да, Таалайкүл Исакунова да, Лунара Мамытова да экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында дос-тааныштык принциптин негизинде кызматтарга отурушкан. “Саякатчы бакалар” негизинен 2017-жылы көп саякатташканы көрүнүп турат. Жардылыктын азабын тартышкан кедей-кембагалдардын, камкордуксуз наристелердин, майып-мунжулардын насиптерине саякаттаган, үй-бүлөлөрү менен шаан-шөкөттүү, берекелүү жашоо курган бул чиновник айымдар эски-бийлик тушунда каалаганын кылып, чалчактап турушкан. Анткени, жогору жакта аларды калкалап шоопур, жансакчы калканчтары турган. Мындай көрүнүш дээрлик ар бир министрликте кездешет, жемкордукка, кландык башкарууга негизделген атамбаевдик бийлик мамлекеттик машинанын ар бир деталында ушундай өзүм билемдик, ойсокелик мамилени калыптандырып койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости