www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дамира Юсупова:

1-3-апрель күндөрү өтүүчү "Коопсуздук-2021" аталышындагы машыгууларга байланыштуу Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Иш-чара Баткен районунун Бужум айылында өткөрүлүп, ага облустагы күч структураларынын 600гө жакын кызматкерлери катышат. 100дөн ашуун ар кандай аскердик техника тартылары айтылды.

"Машыгуу күндөрү Баткен шаарына жана Лейлек районунун аймагына блокпосттор коюлат. Баткен шаарына жана Баткен районуна коменданттык саат киргизилет. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө облус аймагындагы ички иштер органынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барат", — деп айтылат маалыматта.

Машыгуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралбайт. Милиция машыгуу мезгилинде кооптонууга негиз жок экенин белгилеп, элди коомдук тартипти сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости