www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө ичиндеги улуттук коопсуздуктун негизги коркунучу — шайлоо өткөрүү, деп билдирди бүгүн, 12-августта Бишкек шаарындагы тегерек столдо Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

«Адилетсиз шайлоо уюштуруу бийликти басып алууга алып келет. 2005-жылы саясий оюндар орун алып, бийлик алмашкан. 2009-жылы дагы ошондой болгон. 2020-жылы октябрдагы окуялар дагы баш аламандыкка алып келди. Биз бул тууралуу алдын ала эскерткенбиз, бирок бийлик көңүл бурбай койгон», - деди Иманкулов.

Ал буга чейин бийликке өз кызыкчылыгын ойлогон адамдар келгендиктен, экономика, айыл чарба, энергетика тармагы өнүкпөгөнүн айтты.

«Ошондой эле өлкөдө экстремисттик уюмдар бар. Мунун баары ички улуттук коопсуздукка таасир этет», - деди Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости