www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кичине чагыбызда чоңдор дайыма калп айтуунун жаман нерсе экенин, айтпоо керектигин кулагыбызга куюп келишкен. Кээде калп абалдан куткарып кетет, ошентсе да ар нерсенин бир бедели бар эмеспи.

Франциядагы Notre Dame университетинде бул тууралуу изилдөө жүргүзүлүп, ага ылайык көп калп айткан адамдарда баш оору көп байкалып, депрессияга тез кабылары билинген. 

Франциянын Notre Dame университетиндеги окумуштуулар тарабынан жасалган изилдөөдө жалган айткан адамдардын тамак оорусу, тынчсыздануу сыяктуу көп ооруларга туш болоору далилденди. Англиялык Daily Mail гезитиндеги билдирүүгө ылайык, аз калп айткан адамдардын башкалар менен болгон мамилеси көбүрөөк туруктуу болот. Изилдөөчү топтун башчысы Анита Келли 10 апта боюнча жашы 18-71 болгон ар түрдүү 110 адамга изилдөө жүргүзгөн. Катышуучуларды эки топко бөлгөн изилдөөчүлөр аталган топтун бирине изилдөө мөөнөтү бүткөнчө калп айтууга эркиндик берсе, экинчи топтон чынчыл болууну талап кылган.

Жыйынтыгында, калп айтуу эркиндиги берилген топтун катышуучуларында баш жана тамак оору сыяктуу симптомдор байкалган. Ал эми экинчи топтогу адамдардын руханий жана физикалык жактан жакшы жакка өзгөргөнү билинген.

Келли изилдөөнүн натыйжасында бир кишинин аптада орточо эсеп менен 11 жолу калп айтаарын белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости