www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында курсташ жигитти сабаган деп шектелип, студенттер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 10-сентябрда, саат 17:25тер чамасында калаадагы ооруканалардын биринен 24 жаштагы Б.Н. аттуу жаран Ош шаарынын Ленин көчөсүндө сабалганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жабырлануучуну өзүнүн курсташ балдары сабаганы аныкталып, алты студент жигит шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар Чоң-Алай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары экени белгилүү болду.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости