www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылышы күч алууда. Бүгүн, 22-августка карата, дүйнө жүзүндө вирус жуккан адамдардын саны 23 миллиондон ашты.

Статистика боюнча, вирус жуккан адамдардын саны 23 120 802 адамга жеткен. Дүйнө жүзүндөгү дарыгерлердин аракети менен 15 714 993 пациент вирустан айыккан. Өкүнүчтүүсү, 803 213 адам вирустун курмандыгы болушкан.

1. АКШ дагы эле коронавирустун жугушу боюнча алдыңкы орунда турат. Башкача айтканда, өлкөдө вирус жуккан адамдардын саны 5,796,727 адамга жетти. Америка Кошмо Штаттарында вирустан 179,200 бейтап көз жумду, ал эми 3112,418 адам толук айыгып кетти.

2. Бразилия АКШдан кийин экинчи орунда. 22-августка карата штатта вирус жуккан адамдардын саны 31 391ге жетип, вирусту жуктурган адамдардын жалпы саны 3536 488 адамды түздү. 113 454 пациент вирустун курмандыгы болушкан, 2, 670 755 пациент ооруну жеңген.

3. Медицина тармагындагы эң өнүккөн мамлекеттердин бири болгон Индияда бир сутка ичинде вирус жуккан адамдардын саны 69878 адамга көбөйүп, бейтаптардын жалпы саны 2975 701ге жетти. Өлкөдө 55928 адам вирустун айынан көз жумду, ал эми 2 222 577 бейтап оорудан айыгып кетти.

4. Россияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 946,976 адамга жетти. Россияда өлүмдүн деңгээли башка өлкөлөргө караганда төмөн экендигин көрүүгө болот. Бүткүл пандемия мезгилинде вирустун кесепетинен 16 189 адам көз жумду, 761,330 адам коронавирустан сакайды.

5. Түштүк Африка Республикасы лидерлердин катарына кирет. Өлкөдө вирус жуккан адамдардын саны 603,338 адамга жетти. 12,843 адам өлгөн. 50 0102 адам вирусту жеңди.

6. Латын Америкасынын дагы бир өлкөсү болгон Перу дагы вирустун көбөйгөнү байкалып жатат. Акыркы суткада Перуда 9 008 жаңы учур табылып, алардын жалпы саны 576,067 адамды түздү. 384 908 адам вирусту жеңип, 27 245 бейтап көз жумган.

7. Мексика илдет боюнча 7-орунда турат. Вирус өлкөдө 549 734 бейтапта катталган. Вирусту жуктурган бейтаптардын ичинен 59 610 адам кайтыш болуп, 376 409 адам толук айыгып кеткен.

8. Колумбияда суткасына бейтаптардын саны 8 419 көбөйүп, жалпы бейтаптардын саны 522 138 адамга жетти. 348,940 пациент вирустан айыгып, 16,568 адам көз жумган.

9. Бир нече убакыттан бери илдет менен ооруп калуу рейтингин көтөрүп келген Испанияда 407 879 адам вирус жуктурган. Азырынча 28,838 пациент вирустун курмандыгы болушкан.

10. Чили оорулуу боюнча 10-орунда. 22-августка карата өлкөдө вирус жуккан адамдардын саны 393 769 адамга жеткен. Ушул убакка чейин 367,897 адам вирустан айыгып, 10,723 адам коронавирустун айынан көз жумган.

Бул рейтингде Өзбекстан 57-орунду ээледи. Өлкөдө 38 211 адам вирус жуктуруп, 262 бейтап көз жумган. 33 989 бейтап вирус толугу менен айыккан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Ахрорбек Хайруллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости