www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги ырчы, акын Сонунбүбү Кадырова менен баарлашып, шайлоо алдында чуу жараткан билдирүүнүн алкагында сүйлөштүк.

-Сонунбүбү эже, Өмүрбек Суваналиевдин криминалдардын таасири күчөп, өз адамдардын партиялар аркылуу алып келе жатышат дегенине ынансак болобу?

-Биздин мамлекет улуттук менталитетти жакшы билбеген, нарк-насилден кабары жок, сөздүн кадырын кетирип сүйлөй берген жигиттердин туткунунда калганы өкүнүчтүү. Суваналиев мурунтан чындыкты чыркыратып айткан, элдин азабы менен тозогуна күйгөн адам болсо ишенсек болмок. Кечээ ошол өзү айткан криминалды байкабай жакшынакай эле иштеп жүрүп, эми көрүп калыптырбы? Бийлик менен кызматташканда унчукпай отура берип, шайлоого аттанганда криминалдын таасир күчөдү дегени жигиттик эмес.

-“Бийликчил делген партиянын баарын криминал Камчы Көлбаев башкарат”- дегенинде чындык барбы?

-Бир жактуу айтыш кыйын. Балким, аз-маз чындыгы бардыр. Себеби, өзү деле Суваналиев атка конгону бийликчил партияларда жылуу-жумшак  эле кызматтарда иштеп келбеди беле. Билгени бар болсо, чыныгы элдин уулу катары колунан келип турган маалда Көлбаевдин жана аны менен табакташ болгондордун бетин ачып чыкпайт беле.

Айтайын дегеним, съезде сүйлөгөн сөзүн уктум. Бул сөздөрү жөн эле элге жагалданып, чындыкты айтымыш болгондой айтты. Бирок, элге керектүү башка көптөгөн маалыматтарды айта албайт. Себеби өзү да таза эмес. Анын бул сөздөрүн эл жакка өтүмүш болуп, упай топтойм деген аракети катаары бааладым. Эң негизгиси элибиз калп менен чынды айырмалап, түлкүлөрдөн, чөөлөрдөн кутулушу керек. Азыр көзүр элдин колунда. Ошону пайдаланып, бармак тиштеп өкүнүп калбай, татыктууларды шайлап алышы керек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости