www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-сентябрда Алматы горнизонунун аскердик сотунда Жамбыл облусунун Кордай районундагы казактар менен дунгандар арасындагы улуттар аралык жаңжалдан соң шектүү иретинде кармалган 60ка чукул кишинин ичинен жети айыпталуучуга өкүм чыкты. Бул тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” билдирди.

Өкүмгө ылайык, Абзал Нурханов “жапырт башаламандыкка катышуу” жана “уурулук жасоо” айыбы менен сегиз жылга соттолду. Судья өкүм чыгарар алдында Нурхановдун экинчи ирет оор кылмыш жасаганын эске алган.

Сот Бакытбек Ибрагимовду “ири көлөмдө уурулук жасады” деп жети жылга соттоду. Анын да мурда кылмыш жасаганы аныкталган.

Мындан тышкары Мырзагали Дуйсенбаев беш жылга, Рустем Бежибаев төрт жылга эркинен ажыратылды. Эрлан Буралкинов Улан Атамбаев менен Алмат Тлеугалиев үч жылга соттолду.

Өкүм али күчүнө кире элек. Сот чечимине макул болбогондор жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыла алат.

Беш жылга соттолгон Дуйсенбеков жаңжал чыккан жерге таксист катары гана барып калганын, уурулук жөнүндө кабары болбогонун билдирди.

Үч жылга соттолгон Алмат Тлеугалиев: “Биз өз маселебизди ойлоп, уурулук, тоноо максатында барган жокпуз. Биз соцтармактардагы видеолорду көрүп, казактарга көмөктөшөлү деп бардык”, – деди.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он адам каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. 30 турак үй, 15 соода жайы жана 23 машине өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар Кыргызстанга качып өтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости