www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда президенттикке талапкерлердин дебаты болот

Республикачы президент-талапкер Дональд Трамп менен демократтардын талапкери Жо Байден шайлоого беш жума калганда дебат кылышат.

"Америка авазы" радиосу маалымдагандай, бул тараптардын үч дебатынын алгачкысы болот. Дискуссия бир жарым саат болот, аны миллиондогон америкалыктар көрө алышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Fox News телеканалы, дебаттардын алып баруучусу Крис Уоллестин айтымында, дебат 15 минуталык алты бөлүккө бөлүнгөн жана ар бири бирден темага арналат. Анын ичинде талапкерлердин жетишкендиги, коронавирус пандемиясы жана Трамп тарабынан Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлүп жаткан юрист Эми Баррет тууралуу суроолор бар. Мындан тышкары Трамптын федералдык салык төлөөдөн качканы тууралуу маалымат да талданат.

Эске салсак, жакында The New York Times басылмасы Трамп 2016-2017-жылдары болгону 750 доллар салык төлөгөнүн, ага чейинки он жылдыкта эч нерсе төлөбөгөнүн жазган. Дональд Трамп муну фейк-маалымат деп атаган.

Маалым болгондой Трамп менен Байдендин теледебаты шаршембиде АКШ убактысы боюнча саат 04:00дө башталат. Кливлендеги "Кейс Уэстерн Ризерв" университетинде өтө турган дискуссияны дээрлик бардык телеканалдар көрсөтөт.

Ал эми талапкерлердин экинчи дебаты 15-октябрда Майамиде, үчүнчүсү 22-октябрда Нэшвиллде өтөт.

Белгилей кетсек, АКШ президентин шайлоо 3-ноябрда болот. Анда президент, вице-президент, Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсү жана Конгресс сенатынын үчтөн бири, 13 штаттын губернаторлору шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости