www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ресторандагы карбонара пастасы, тирамису десерти жана курамына чийки жумуртка кошулган тамактар кооптуу болот. Мындай пикирди ветеринар-дарыгер Алексей Кухно ForPost порталына берген маегине таянып РИА Новости жазды.

Анын айтымы боюнча, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу ыктымал. Адис мындан көрө тамак даярдоодо бөдөнөнүн жумурткасын пайдаланууну сунуш кылат. Ал кооптуу инфекциянын болушун жокко чыгарат.

"Бөдөнөнүн дене табы жогору, 40 градустан ашык болгондуктан, алар сальмонеллез илдети менен оорубайт. Эгер патоген (оорунун козгогучу) организмге кирип калса, анда ал жашап кете албайт", — деген Алексей Кухно.

Ошондуктан дарыгер коомдук тамактануу жайларында жогоруда кооптуу деп айтылган тамак-аштарга буюртма берүүдөн карманууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости