www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Алматыдагы бир нече базарлар жабылгандыгы тууралуу маалыматтар интернет айдыңында жана ММКда тарап кеткен. Алматыдагы Байсат", "Барлык", "Ялян", "Рахат", "Барыс", "Алатау", "Болашак", "Мизам", "Арлан", "Ожет", "Ак-Булак" жана  "Кенжехан" базарлары жабык экендигин казак басылмалары тастыкташкан.

Муну күч түзүмдөрү базарларда өрт коопсуздугу боюнча окуу өткөрүлүп жатат деп айтышкан. Бирок ал жерде эч кандай өрт өчүрүү унаалары жана кызматтын өкүлдөрү жоктугун байкоого болот. 
 Мунун себебин айрымдар массалык баш аламандыктар Алматыда дагы башталат деген жүйөө менен түшүндүрүшкөн.

Интернеттеги сүрөттөргө, видеолорго  таянсак базарлар жабылып, атайын багыттагы кызматкерлер тарабынан курчоого алынып тургандыгын көрүүгө болот.

Конуштардын бириндеги базардын жанында көптөгөн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү чогулган.
kris_p_brothers_official аккаунтунун ээси жарыялаган видеого таянсак соода борборунун унаа токтотуучу жайына аскердик жана полиция техникалары келип токтогон.

Бул чара профилактика максатында уюштурулушу мүмкүн. Бирок 7-февралдагы жайма базардын жанында баш аламандыкка уюштурууга чакырык ташташкан.  Ал эми Казакстандын айрым кызматтары бул учурду 8-9-февралда санитардык күн деп маалымдашты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости