www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок аймактык ооруканасына түрдүү жаракаттарды алган 18 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын бирөө Кыргызстандын жараны болсо, калган 17си Казакстандын жарандары.

Медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын айтымында, алар 7-февралдан 8-февралга караган түнү Кордай районунун Масанчи айылында болгон мушташта жаракат алышкан.

Сегиз адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп үйүнө жиберилген. Ал эми 10 киши (Казакстандын жарандары) ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер бардыгынын абалы орто экендигин маалымдашты.

Учурда аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ, 7-февралда, Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери ал окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык унаасына таш ыргыткан. Жыйынтыгында эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталган.

Бул жагдай боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын чек арасына жакын Масанчи айылында болгон башаламандык боюнча  билдирүү тараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости