www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын проблемасы...

Кыргызстандын проблемасы экономикалык өсүштүн жоктугунда. Экономикалык өсүштүн жоктугу жоопкерсиз, кесипкөй эмес, коррупциялашкан бийликке барып такалат.
Демек, биринчи кезекте жоопкерчиликтүү жана кесипкөй, масштабдуу коррупцияга жол бербеген бийлик системасын түзүү зарыл.

Учурда Кыргызстанда президент жана премьер-министрден турган эки баштуу, бири-бирине кылчактаган, жоопкерсиз, натыйжасыз аткаруу бийлиги бар.

Парламентти түзүүгө да эл кыйыр катышып калды. Анткени Жогорку Кеңешке ким депутат болушун эл эмес, партия лидерлери чечип калды. Партия лидерлери тандап, эл тандабаган парламенттин абалын көрүп турабыз.

Кыргызстанда сот бийлигин президент жана анын аппараты башкарат. Бул соттордун көз карандылыгына, сот адилеттүүлүгүнүн бузулушуна, саясий коррупция, куугунтуктун күчөшүнө алып келди.

Мына ошентип республиканын тагдырын чечип жаткан үч бийлик бутагында тең абдан орчун проблема бар. Бул бузук система мамлекетти аксатып, элди азапка салган бардык пробемалардын булагы.

Бузук система оңолгондо өнүгүү башталат. Ал кандай болуш керек?

Аткаруу бийлигинин башында эл тарабынан түз (эки жолу гана) шайланган президент болуш керек. Өкмөт башы кызматы жоюлуп, президент баарына жоопкерчиликтүү болуш керек. Буга альтернатива таза парламенттик башкаруу. Анда өкмөт башчы баарына жоопкерчиликтүү болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары бир мандаттуу округдардан түз шайланууга тийиш. Талапкерлерди көрсөтүүгө партиянын да, жеке инсандын да укугу бирдей болуш керек. Элден мандат алып келген парламент президенттин бийлигин көзөмөлдөй алат.

Сот бийлиги президент жана анын аппаратынын көзөмөлүнөн чыгарылып, толук көз карандысыз болуш керек.

Бийликтин мына ушул үч түркүгүн орнотуу болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө, реформаларга алып келет.

Айданбек Акматов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости