www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку сот учурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди актап, ишине чекит койду.
Белгилей кетсек, март айында Бишкек шаардык соту Өмүралиевдин ишин карап, буга чейинки райондук соттун чечимин жокко чыгарып, беш миллион сом айыпка жыккан. Ал 2011-2014-жылдары коргоо министри болуп турган кезде мамлекеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз жумшаган деп айыпталып, генерал наамынан дагы ажыраган.
Жогорку соттон кабарлашкандай, министрге карата Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Мындан башка дагы 10 фигурант акталган. Алардын арасында Генералдык штабдын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Жаныбек Капаров дагы бар.
Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана кайра даттанууга жатпайт.
Булак: NazarNews.kg