www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БААУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү университеттин директоруна байланыштуу маселе эки мамлекеттин тиреши эмес, бир адамдын алсыздыгынын көйгөйү экендигин белгиледи. Мындай пикири өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Ал өзүнүн баракчасында «психотроптук каражаттарды колдонуу боюнча комментарий бербей койо албайм», - деп жазды. Маселени тергөө иликтеп, мыйзамдуу чечим чыгарсын. Мен анын жергиликтүү кызматкерлерге жана мугалимдерге жасаган мамилеси, ошондой эле, PR бөлүмү менен болгон учурдагы чыр-чатак жөнүндө кененирээк айтып кетким келет. Менин сүйүктүү университетим БААУга карата эч кандай кысымды көргөн жокмун, бул жерде эки адамдын, кош бойлуу аялдын жана анын курсагындагы баланын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген лидерден жүрүм-турум көйгөйлөрүн көрүп турам. Башкача айтканда окуяны университетке кысым эмес, бир адамдын күнөөсү жана катачылыгы деп эсептейм.

Чыныбаева, Эндрю Качинстин өзүнүн эмоциясын башкара албай турганын, жергиликтүү кызматкерлерге акарат келтирип, кууп жиберем, кызматтан кетирем деп коркутуп, ачуулангандыгын жазган.

- Жада калса жакшы билимге ээ адам да эмоциясын башкара албай, аялдарды, студенттерди таарынтып, аларды жумуштан кетирүү же окуудан айдоо менен коркутуп-үркүтүп, ал тургай мындай нерселерге системалык деңгээлде жол бергендигин ачуулануу менен кабыл алдым, - деди БААУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Айжан Чыныбаева.

- Америкада болгондо мындай аракеттери үчүн мыйзам чегинде жооп берет эле. Ошондуктан, БААУ бир жакшы иштеп жатат. Бийликтин БААУга эч кандай дооматы жок жана кырдаалды баамдап билип, маселени саясатташтырбай эле коюш керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу зарыл.

Ал БААУнун Камкорчулар кеңеши көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгын белгилеген.

- Биз студенттерибиздин, мугалимдерибиздин жана балдарына ишенген ата-энелерибиздин жанындабыз. Биз сиздердин ишенимиңиздерди чындап баалайбыз! БААУнун Камкорчулар кеңеши ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мунун баарынан эки өлкөнүн тирешүүсү же саясат эмес, бул бир адамдын көйгөйү жана анын алсыздыгы», – деп жазган.

Эскерте кетсек, буга чейин Борбор Азиядагы Америка университеттин президенти Эндрю Качинс 23-апрелде прекурсор жана баңгизатка байланыштуу шек саналып суракка чакырылган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 12-мартта Качинстин атына Дубайдан сыртына «документ» деп жазылган посылка келген. Бирок, экспертизанын жыйынтыгында кутунун ичинде психотроптук заттар бар экени аныкталган жана Качинс дары-дармектерге эч кандай документ көрсөтө алган эмес.

Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 267-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») менен сотко чейинки иликтөөнү баштаган. Экспертиза бул капсула жана таблеткалардын курамында психотроптук зат бар экенин аныктаган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Качинстин үйүнө, унаасына тинтүү жүргүзүлгөн.

ИИМдин билдирүүсүндө, таблетка жана капсулалар кошумча экспертизага жиберилип, иликтөө уланууда. Сурактан кийин Эндрю Качинске Кылмыш кодексинин 268-беренеси менен («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатпоо максатында мыйзамсыз даярдоо») шектүү экени тууралуу кабар берилип, эч жака кетпөө тууралуу тил катынын негизинде бошотулганы айтылган.

Андан сырткары, БААУнун президентинин атына университеттин PR-бөлүмүнүн кызматкеринин жолдошу тарабынан ИИМге арыз жазылган. Эндрю Качинс БААУнун PR бөлүмүнүн кызматкерлеринин орой мамиле жасап, конфликт чыгарганын ММКлар жазып чыгышкан. Качинстин кызматкерге кыйкыруусунун айынан кош бойлуу кызматкерден кан кетип, боюнан түшүп калганы белгиленген. Бул окуянын негизинде кош бойлуу кызматкердин күйөөсү милицияга арыз менен кайрылган.

Бишкек шаарынын вице-мэри, БААУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Айжан Чыныбаева да өзүнүн билдирүүсүндө Качинстин мындай жоругун катуу сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости