www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дүйнөлүк сооданын солгундашынын таасири ЕАЭБке тийип жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.

--“Дүйнөлүк соода согушу ЕАЭБке түзмө-түз таасирин тийгизип жатат. Анткени, Орусия менен Казакстандын товар өткөрүшү боюнча маселелер жаралып жатат. Эң негизгиси, сыртта болгон санкциялар бизге түз тийген жок, бирок, улуттук мыйзамдарыбыз ЕАЭБдин мыйзамдарына шайкеш эмес болуп чыкты. Маселен, биримдикке мүчө болгондордун бири-бири менен товар алмашуусу, акча ушул сыяктуу нерселер эркин болмок. Каяктагы? Орусиядагы мигранттарга Кыргызстанга 100 миң рубль которгонго гана уруксат берип койду. Товарлар фитосанитардык көзөмөлдөн өтпөсө, киргизилбей жатат. Деги эле бардык жактан тыюулар салынды. Кыргызстанга болгон жеңилдетүүлөр аз”, - дейт Шаршеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости