www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзгө чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жаңы структурасын киргизе турган болду. Эми Атамбаевдин акылга сыйбаган энергетика жана коргоо министрликтерин жоюу боюнча чечими жокко чыгарылат. 2015-жылы ноябрь айында Темир Сариевдин өкмөтү учурунда мамлекетке чыккынчылыкка тете болгон сунуш кабыл алынып, эгемендүү мекенибиздин Коргоо министрлиги жоюлган.

Муну Өмүрбек Текебаев жана Бакыт Төрөбаев сыяктуу лөктөр эки колун чаап, “ляппай” деп бекитип беришкен. Ошол убактан бери Коргоо министрлеринин ордуна генштабдын жетекчиси, Атамбаевдин любимчик-генералы Райымберди Дүйшенбиев кеңешмелерге катышып калган.

КМШ өлкөлөрүнүн Коргоо министрлеринин жыйынына Кыргызстандан генштабдын жетекчиси барганына коңшулаш өлкөлөрдүн министрлери башында түшүнбөй, кыргыздарда Коргоо министрлиги жок дегенди угуп таң калышып, андай министрлиги жок кандай мамлекет деп мыйыгынан күлгөнү калп дейсиңерби?

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости