www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы окуя ар бир Кыргызстандык үчүн өкүнүчтүү болду. Бул тууралуу пикирин ИИМ басма-сөз кызматы билдирди. 

Жол кырсыгына себепкер биздин жаран экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Россиянын ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен бир катар ыкчам тактоо жана аныктоо иш чараларын тынымсыз жүргүзүп келди.

Эми ал жигит тууралуу абдан көп маалыматтар текшерилди. Жашаган жери, мурда чогуу иштешкен кесиптештери жана жубайы менен да маектешүүлөр болду. Анын кандайдыр бир диний агымдарга, экстремисттик жана террористттик уюмдарга тап-такыр тиешеси жоктугун далилдөөгө туура келди.

Анткени, анын кандайдыр бир террактыларга байланышы бар дегендер да болбой койгон жок. Такси айдоодо кесиптик тажрыйбасынын аздыгы (3 ай гана такси кызматында иштеген), күнүмдүк аренда төлөй турган акча каражатынын көптүгү, анан андан арткан акча каражаты менен үй бүлөөсүн багайын деген аракети аны күнү-түнү иштөөгө алып келгендиги жана анын чарчоодон көзү илинип кетип жолдон чыгып кеткендигине себеп болгондугу маалым болду.

Ал өзү тартиптүү кең пейил экендигин аны билгендердин баары бир ооздон басым кылып белгилеп айтышты. Ал спорттук клубдарда машыгып, дүйнөлүк аренадагы спорттук мелдештерге да катышып жүргөндүгү маалым болду.

Учурда бул жол кырсыгы боюнча Россиянын полиция кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Россия ИИМиндеги-Москвадагы өкүлү жергиликтүү полиция кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, жол кырсыгынын негизги себептерин аныктоодо кызматташуу иш аракеттерин үзгүлтүксүз көрүүдө ошондой эле биздин жаранга ар тараптуу жардамдарды жана колдоолорду Москвадагы биздин Элчилик менен бирдикте жургүзүп келүүдө, деп билдирди ИИМ басма-сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости