www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министринин жубайы Оля (Оңолкон) аскер бөлүктөрүнө барып, көңүлл ачканды жакшы көрөт дешет.

Күйөөсү лейтенант кезде бөлүктөн бөлүк которуп, ар кайсы гарнизондордо жаштыгы өткөн Оля курбулары менен жоокерлердин катар баскандарын көрүп көзү кубанып, бетинде түгү түшө элек талчыбыктай жаш жигиттердин абаны жарып жаңыртып ырдагандарын угуп жүрөгү кубанып, көңүлү көтөрүлөт экен.

Ностальгия болбосоң коё кал! Оля келет дегенде батальондун командири күн мурунтан даярданып, ысылыгына тай сойдуруп, виски, винолор шангырап, дасторконду титиретип даярдайт.

Министрдин жары келгенде полковниктер чуркап чай куюп, бир көрүнүп койсом дегенде эки көзү төрт болот экен. Иши кылып, коргоо министринин аялы эки иштен бир иш дегендей, өзгөчө көңүл ачуу менен бирге аскер бөлүктөрүнө инспекция да кылат турбайбы.

Сыягы министр өзүнүн ыйгарым укуктарынан да аялына бөлүшкөн окшойт. Болбосо аялынын аскер бөлүгүнө барып шапар тээп, чардаганга ким уруксат берди?

Булак: Азия News гезити

Последние новости